48-берене. Курал жана күжүрмөн техниканы колдонуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары Мамлекеттик чек араны кайтарууну жүзөгө ашыруу менен курал жана күжүрмөн техниканы төмөнкү тартипте колдонушат:
1) эскертүүсүз:
а) куралды, күжүрмөн жана атайын техниканы колдонуу менен кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
б) чек ара кезметинин өздүк курамына түздөн-түз кол салуу (күч колдонуу) учурунда, курал колдонууда кечеңдөө адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзсө же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо;
в) кармалган адамдардын басып алган курал менен качуусуна бөгөт коюу, курал-жаракты жана аскер техникасын зомбулук менен тартып алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;
г) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөсүнө жана объектине кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
2) эскертүүдөн жана жогору жакка эскертүү атуудан кийин;
а) ушул Мыйзам менен белгиленген тартипти бузуп мамлекеттик чек араны кесип өткөн (өтүп жаткан) адамдарга, унаа каражаттарына карата, алардын күч колдонуусуна жооп ирээтинде же башка каражаттар менен укук бузууну токтотууну же укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон учурда;
б) Мамлекеттик чек араны кайтаруу участогунда жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине коркунуч келтирген кол салуудан аларды коргоо үчүн;
в) Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча кызматтык милдеттенмелерин же коомдук парзын аткарып жаткан адамдарга, алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
г) чек арага чектеш райондо жалпы башаламандыкка жана Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө куралсыз аракет жасалган учурларда, жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна же мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү укук бузуучулардын топтошкон аракеттерине бөгөт коюу үчүн;
д) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен каршылыкты басуу, адамды кармоо же анын куралын алуу мүмкүн болбосо, укук бузууну жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле чек ара кезметинин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан куралчан адамды кармоо үчүн;
е) Мамлекеттик чек арада кармалган адамдар качканда;
ж) башка укук бузууларды эскертүү жана бөгөт коюу үчүн, ошондой эле зарыл коргонуу жана өтө зарыл учурларда;
2. Куралды жана күжүрмөн техниканы колдонууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) алар тараптан куралдуу кол салуу же куралдуу каршылык же болбосо топтошуп кол салуу өмүргө коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, аялдарга жана жашы жетпегендерге карата;
2) жүргүнчүлөрү бар унаа каражаттарына;
3) кокусунан, кырсыктын кесепетинен же жаратылыштын күч жеткис учурларына байланыштуу Мамлекеттик чек араны бузган адамдарга карата;
4) эгерде өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбесе, жаныбарларга карата.
3. Чек ара кезмети тревога белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн, ошондой эле адамдардын өмүрүнө же ден-соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларга каршы курал колдонууга укуктуу. Чек ара кезмети курал колдонуунун жана пайдалануунун ар бир учуру жөнүндө түздөн-түз башчыга баяндайт.
4. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкү учурларда курал колдонууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууда;
2) чек ара кезметинин курамында Мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучулардын артынан түшүүнүн жүрүшүндө, эгерде курал колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч жараткан же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурда, чек ара кезметинин өздүк курамына түздөн-түз кол салуу коркунучу болсо;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда.
5. Чек ара ыйгарым укуктуусуна төмөнкүлөргө карата курал колдонууга тыюу салынат:
1) аялдарга, майыптыктын белгилери даана көрүнүп турган адамдарга, алардын жаш курагы ачык көрүнгөн же белгилүү болуп турган жашы жете электерге карата көрсөтүлгөн адамдар тарабынан куралдуу каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген топтошкон же болбосо башка кол салуу учурларын кошпогондо;
2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына;
3) Мамлекеттик чек араны атайылабастан же кырсыктын же болбосо ал жеткис күчтүн башка факторлорунун кесепетинен улам бузган адамдарга;
4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана пайдалануунун ар бир учуру жөнүндө түздөн-түз башчыга баяндайт. кошулду: 4. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкү учурларда курал колдонууга укуктуу: 1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууда; 2) чек ара кезметинин курамында Мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучулардын артынан түшүүнүн жүрүшүндө, эгерде курал колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч жараткан же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурда, чек ара кезметинин өздүк курамына түздөн-түз кол салуу коркунучу болсо; 3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда. 5. Чек ара ыйгарым укуктуусуна төмөнкүлөргө карата курал колдонууга тыюу салынат: 1) аялдарга, майыптыктын белгилери даана көрүнүп турган адамдарга, алардын жаш курагы ачык көрүнгөн же белгилүү болуп турган жашы жете электерге карата көрсөтүлгөн адамдар тарабынан куралдуу каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген топтошкон же болбосо башка кол салуу учурларын кошпогондо; 2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына; 3) Мамлекеттик чек араны атайылабастан же кырсыктын же болбосо ал жеткис күчтүн башка факторлорунун кесепетинен улам бузган адамдарга; 4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга. (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-48" title="48-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>