3-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара саясаты
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасы чек ара саясатын эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулгустугун өз ара сыйлоонун эл аралык принциптерине таянуу менен ишке ашырат жана өзүнүн Мамлекеттик чек арасынын өтүшүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана декларацияларга ылайык тастыктайт.
2. Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер менен болгон өз ара мамилелеринде эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана мамлекеттик чек аралардын бузулгус принциптеринин аткарылышын камсыз кылат. Аймактарды күч колдонуу менен басып алуунун таанылышы жана эл аралык таануу же анын укуктук статусунун өзгөрүүсүн таңуулоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эместигин бекемдейт. Ар бир конкреттүү учурда эл аралык келишимдердин жана декларациялардын алкагында тиешелүү эл аралык документтер менен бул максаттар үчүн каралган макулдашылган механизмдерди колдонуу аркылуу чек ара талаш-тартыштарын, араздашууларын, чыр-чатактарын тынчтык жол менен жөнгө салууга даяр экендигин тастыктайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагы азыркы чек арада кол тийгис жана бөлүнгүс.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттик коопсуздукту ишке ашыруу жана кайтаруу максатында ушул Мыйзам менен аныкталган тартип орнотулат.
4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн мамлекеттик түзүм түзүлөт.
5. Чек ара саясаты чектеш мамлекеттер менен чек ара маселелерин тынч, зомбулуксуз чечүү принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташуу жолу менен ишке ашырылат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>