34-берене. Коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтарууну материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде көмөк көрсөтүү;
2) аймактык коргонууну камсыз кылууну уюштуруу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) аскердик кадрларды даярдоо;
4) аскердик эсепке алууну, жарандарды аскер кызматына даярдоону уюштурууну, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аскер кызматына жарандарды чакырууну камсыз кылуу, аскердик-эсепке алуу адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүү жана топтоо;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу, мобилизациялык жайылтуу, ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын, коргонуу жана чек ара коопсуздугу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу планын иштеп чыгат;
2) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылат;
3) аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибинин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузган аба кемелеринин учууларына бөгөт коюуну жана Кыргыз Республикасынын аймагына кондуруу чараларын көрүүнү жүзөгө ашырат;
5) форс-мажордук жагдайлар же аба кемелеринин экипаждарынын аракеттери кокустуктан болгон учурларда Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн бул кемелерге алардын багыт алуусун калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы конуу аэродромуна же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин чегинен тышкары чыгаруу аркылуу көмөк көрсөтөт;
6) чек ара издөөлөрүнө жана операцияларына катышуу үчүн, ошондой эле кризистик кырдаалдарда Мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жардам көрсөтүү үчүн авиация жана күчтөндүрүү бөлүкчөлөрүн бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды топографиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
кошулду: 1. Коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери кошулду: болуп төмөнкүлөр алынып салынды: болуп саналат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтарууну материалдык-техникалык … мыйзамдары менен белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
кошулду: 2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу, мобилизациялык жайылтуу, ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын, коргонуу жана чек ара коопсуздугу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу планын иштеп чыгат;
2) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылат;
3) аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибинин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузган аба кемелеринин учууларына бөгөт коюуну жана Кыргыз Республикасынын аймагына кондуруу чараларын көрүүнү жүзөгө ашырат;
5) форс-мажордук жагдайлар же аба кемелеринин экипаждарынын аракеттери кокустуктан болгон учурларда Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн бул кемелерге алардын багыт алуусун калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы конуу аэродромуна же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин чегинен тышкары чыгаруу аркылуу көмөк көрсөтөт;
6) чек ара издөөлөрүнө жана операцияларына катышуу үчүн, ошондой эле кризистик кырдаалдарда Мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жардам көрсөтүү үчүн авиация жана күчтөндүрүү бөлүкчөлөрүн бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды топографиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-34" title="34-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>