Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
35-берене. Ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чек арага чектеш аймактарда административдик-режимдик иш-чараларды өткөрүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарындагы укуктук тартиптин абалы, аныкталган укукка каршы аракеттер, Мамлекеттик чек ара мамилелерине карата укукка каршы умтулуулары бар кылмыштуу топтор жана адамдар жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө маалымдоо;
3) Мамлекеттик чек арада жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорунда жалпы иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу;
4) өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда, өзгөчө абал режими киргизилгенде Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында укуктук тартипти камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын калкына укуктук таалим-тарбиялоого, Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында укук бузуулардын алдын алууга катышуу;
6) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик чек араны кайтарууда ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчтөрүнүн жана каражаттарынын катышуусун камсыз кылуу;
7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>