33-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик бийлик органдары менен бирдикте юридикалык жана жеке жактардын ишине тиешеси бар, Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарын козгогон ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышуу;
2) Мамлекеттик чек араны делимитациялоого, демаркациялоого жана кайра демаркациялоого катышуу;
3) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана жалпылоону жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алар жөнүндө белгиленген тартипте маалымдоону жүзөгө ашыруу;
4) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде көмөк көрсөтүү.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>