Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтаруунун тышкы саясий, эл аралык-укуктук камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин негизинде Мамлекеттик чек арада өз ара мамилелерди жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу;
3) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерди жол-жоболоштуруу;
4) мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо жана кайра демаркациялоо менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо, Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу;
5) Мамлекеттик чек ара режимин сактоо маселелерин жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара араздашууларын дипломатиялык каражаттар жана ыкмалар менен чечүү;
6) чектеш мамлекеттер менен чек ара өкүлдөрүнүн тизмелерин алмашууну жүзөгө ашыруу;
7) Мамлекеттик чек араны делимитациялоого катышуу;
8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>