34-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын негизги милдеттери
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Шектүүлөр жана айыпталуучулар:
- ушул Мыйзам тарабынан белгиленген, Ички тартиптин эрежелеринен келип чыккан камакта болуунун тартибин жана андан келип чыккан камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- гигиенанын жана тазалыктын талаптарын сактоого;
- өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;
- камакта кармоочу жайдын мүлкүнө жана башка шектүүлөр менен айыпталуучулардын мүлкүнө сарамжал мамиле кылууга;
- кезегине жараша камераларды жана башка бөлмөлөрдү тазалоого;
- өз өмүрүнө жана ден соолугуна жана ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу аракеттерди билип туруп жасабоого милдеттүү.
Камакта кармоочу жайларда кызматкерлердин, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын, башка адамдардын кадыр-баркына шек келтирүүгө жана ошондой эле камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин, башка адамдардын өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткарууга жолтоо болууга жол берилбейт. Ушул Мыйзамдын 24-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык шектүүлөргө жана айыпталуучуларга жанындагы заттарды, буюмдарды жана тамак-аш азыктарын алып жүрүүгө жана сактоого, колдонууга тыюу салынат.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-34" title="34-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>