14-статья. Камакта кармоочу жайлардын режими
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Камакта кармоочу жайларда шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын сактоону, алардын өз милдеттерин аткарышын, аларды бөлөк кармоону камсыз кылуучу укук тартибин кармап турууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган милдеттерди аткарууга багытталган режим белгиленет. Режимди камсыз кылуу камакта кармоочу жердин өз милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тарта турган администрациясына, ошондой эле анын кызматкерлерине жүктөлөт. Камакта кармоочу жерлерде кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камакта кармоочу жайларда изин суутпай издөө иш-чаралары өткөрүлөт.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-14" title="14-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>