Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
94-статья. Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 14-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:
1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын эки өлчөмүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) жыл ичинде он аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он бандероль алууга;
4) бир жылда телефон аркылуу 10 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.
(2) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор кадимки турак жайларда жашайт. Аларга:
1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын эки өлчөмүнөн ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана
күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) жыл ичинде он эки аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он эки бандероль алууга;
4) бир жылда телефон аркылуу 12 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.
(3) Жеңилдетилген шарттарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор эркиндиктеги турмушка ийгиликтүү ыңгайлашуу максатында түзөтүү абагынын зардалынын токтому боюнча жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай калганда камактан бошотулушу мүмкүн. Мындай учурда аларга түзөтүү абагынын чегинен тышкары жерлерде көзөмөл алдында жашоого жана иштөөгө уруксат берилет. Алар кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу берилген соттолгондор менен чогуу кармалышы мүмкүн. (4) Жазасын катуу шарттарда өтөп жаткан соттолгондор бекитиле турган имарат жайларда жашайт. Аларга:
1) жеке эсептеринде болгон акчанын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын бир өлчөмүнүн биринен ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүү нерселерди сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) жыл ичинде сегиз аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана сегиз бандероль алууга;
4) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгуудан пайдаланууга;
5) бир жылда телефон аркылуу 8 жолу сүйлөшүүгө уруксат берилет.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-94" title="94-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>