70-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, иштеген адамдар милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш, ал эми соттолгон аялдар жалпы негиздерде кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу жөлөкпул менен да камсыз кылынат. (2) Эркиндигинен ажыратуута соттолгондор карыганда, майып болгондо, баккан адамынан айрылганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда, анын ичинде жазасын өтөп жаткан мезгилде эмгекке жарактуулугу жоголгон учурларда, мамлекеттик пенсия менен жалпы негизде камсыздалууга укуктуу. (3) Соттолгондорго пенсия төлөө түзөтүү мекемеси турган жердеги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан соттолгондордун жеке эсебине пенсияларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. (4) Эркиндигинен ажыратууыу өтөөнүн мезгилинде эмгекке жарактуулугун жоготкон соттолгондор Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда жана тартипте зыяндын ордун толтуртуута укуктуу. (5) Соттолгондордун пенсиясынан кармап калуулар жүргүзүлөт. Пенсиялардан кармап калуулардын негиздери, түрлөрү жана тартиби, ошондой эле бардык кармап калууларга карабастан соттолгондун жеке эсебине которулуучу пенсиялардын эң аз пайызы ушул Кодекстин 80-статьясы тарабынан белгиленет. (6) Түзөтүү мекемелеринде эркинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринде болуунун мөөнөтү аяктаганга чейин ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун колдонулушу токтотула турат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-70" title="70-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>