69-статья. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгышы
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 162
(1) Түзөтүү жана тарбия абактарында кармалып турган соттолгондорго, ошондой эле белгиленген тартипте тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө чарбалык тейлөө жумуштары үчүн белгиленген тартипте калтырылгандарга өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу: жакын тууганы өлгөндө же катуу ооруп, өмүрүнө коркунуч келсе; табигый кырсык соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтиргенде барып-келүү үчүн жолго зарыл болгон убакытты эсептебегенде жети суткадан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жайларынын чегинен тышкары жерлерге кыска мөөнөткө барууга уруксат берилиши мүмкүн. (2) Түзөтүү абактарынын балдар үйүндө баласы бар соттолгон аялдарга баласын туугандарына, болбосо балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн кыска мөөнөткө барып-келүүгө кеткен убакытты эсепке албаганда, жети суткадан кем эмес мөөнөткө, ал эми жашы жете элек майып балдары бар аялдарга түзөтүү абагынан тышкары жерге жылына бир жолу алар менен ошол эле мөөнөткө жолугушуу үчүн кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча чыгуулар өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган соттолгондорго; өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган адамдарга; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьяларында каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондорго; ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга, ошондой эле аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, ачык түрдөгү кургак учуктан, жыныстык оорудан дарыланууну аяктабагандарга, тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирген башка оорулардан жапа чеккендерге, ошондой эле санитардык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларда берилбейт. (4) Кем акыл деп табылган, ошондой эле жашы жете элек соттолгондорго чыгуу тууганынын коштоосунда берилет. (5) Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөттүү чыгуу жөнүндө арызы суткалык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга тийиш. (6) Чыгууга уруксат түзөтүү мекемесинин зардалы тарабынан соттолгондун инсандыгын жана жүрүш-турушун эске алуу менен берилет. (7) Соттолгондун түзөтүү мекемесинен тышкары болгон убактысы жаза өтөөнүн мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. (8) Соттолгондун эркиндигинен ажыратуу жайынын чегинен тышкары чыгышына кеткен чыгымдар соттолгондун өздүк эсебиндеги каражаттардын эсебинен, болбосо башка адамдар тарабынан төлөнөт. Соттолгон адам түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары кыска мөөнөттүү чыгууда болгон мезгилде ага иштеп тапкан акысы чегерилбейт. (9) Соттолгон адамдын белгиленген мөөнөттө кайра келишин кыйындаткан, алдын ала билүүгө болбой турган жагдайлар келип чыккан учурда, соттолгон адам жүргөн жердеги ички иштер органынын зардалынын жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча анын түзөтүү мекемесине кайра келишинин мөөнөтү беш суткага чейин узартылышы мүмкүн, мында абактын администрациясына кабыл алынган чечим жөнүндө милдеттүү түрдө шашылыш билдирилет. (10) Соттолгондорго эркиндигинен ажыратуу жайларынын чегинен тышкары кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берүүнүн тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери менен аныкталат. (11) Соттолгон адам түзөтүү мекемесине белгиленген мөөнөттө кайра келүүдөн качканда, ал ошол жердеги ички иштер органы тарабынан аны жазасын өтөөчү жерге кайтаруу астында жөнөтүү жөнүндө же жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн кармалууга тийиш. (12) Соттолгондордун башка мамлекеттин аймагына барышына тиешелүү мамлекеттер менен макулдашууларда каралган тартипте уруксат берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
69-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган адамдарга; кошулду: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьяларында каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондорго; ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга, ошондой эле аракечтиктен, … каралган тартипте уруксат берилет.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № алынып салынды: 91 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Правила внутреннего распорядка исправительных учреждений Министерства юстиции Кыргызской Республики (Утверждены приказом Министерства юстиции КР от 28 октября 2003 года N 164)Правила · 28.10.2003 · № 164 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-69" title="69-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>