79-статья. Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 162
(1) Ушул Кодекстин 71-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык соттолгондордун иштеп тапканынан, башка кирешелеринен кармап калуулар аларды кармоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жүргүзүлөт. (2) Соттолгондордун аларды кармоого кеткен чыгымдардын ордун толтурушу алименттерди, киреше салыгын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жана башка милдеттүү чегерүүлөр кармалгандан кийин жүргүзүлөт. Аткаруу барактары же башка аткаруу документтери боюнча кармоо Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинде каралган тартипте калган суммадан жүргүзүлөт. (3) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жеке эсебине бардык кармоолорго карабастан, анын айлык акысынын, пенсиясынын же башка кирешесинин 50 пайызынан кем эмеси, ал эми пенсиялык куракка жеткен эркектер менен аялдардын I жана II топтогу майыптардын, жашы жете электердин, кош бойлуу аялдардын, балдар үйлөрүндө баласы бар аялдардын аларга эсептелген эмгек акысынын же башка кирешесинин кеминде 75 пайызынан кем эмеси чегерилет. (4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып жазасын өтөөдөн бошотулганга чейин пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…же башка кирешесинин кеминде 75 пайызынан кем эмеси чегерилет.
кошулду: (4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып жазасын өтөөдөн бошотулганга чейин пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № алынып салынды: 91 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-79" title="79-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>