Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №76 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 15-берененин 8-бөлүгүндө, 39-1-берененин 4-бөлүгүндө, 39-11-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 39-13-берененин 4-бөлүгүндө, 39-17-берененин 1-бөлүгүндө "Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.
2. 15-берененин 8-бөлүгү, 39-1-берененин 4-бөлүгү жана 39-13-берененин 4-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын.
3. Бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "жазык-аткаруу системасындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 23-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "мекемелеринин" деген сөздөн кийин "ошондой эле жазык-аткаруу системасынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 46-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тергөө изоляторлору түрмөдө жаза өтөөгө кесилген соттолгондор үчүн, жана чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткарууга калтырылган соттолгондор үчүн түзөтүүчү мекеменин функциясын аткарышы мүмкүн.".
6. 54-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 57-берененин 3-бөлүгүндө "юстиция министринин" деген сөздөр "жазык-аткаруу системасындагы мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 61-берененин 2-бөлүгүндө "ал эми өзгөчө учурларда мекеменин зардалынын уруксаты аркылуу-башка адамдар менен жолугушууларга" деген сөздөр алып салынсын.
9. 73-берененин 5-бөлүгүндө "жана тиешелүү министрликтердин ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр алып салынсын.
10. 80-берененин 4-бөлүгүндө "тиешелүү министрликтери менен ведомстволору" деген сөздөр "мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 137-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 140-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. Төмөнкүдөй мазмундагы 145-2-берене менен толукталсын:
"145-2-берене. Соттолгон, жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуучунун чектөөлөрү жана милдеттери
Соттолгон адам жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда үч күндүн ичинде өзү көрсөткөн жашачу жериндеги жазык-аткаруу инспекциясына анын жүрүм-турумун контролдоо үчүн келүүгө милдеттүү. Соттолгон адамдын чектөөлөрү жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарууда жана жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан контролду ишке ашырууда белгиленет.".
14.157-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жазык-аткаруу инспекциялары сыноо мөөнөтүнүн ичинде жазаны шарттуу колдонбоо менен соттолгондорду жеке эсепке алышат, соттолгондордун коомдук тартипти сакташын жана аларга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен контролдошот. Соттолгон адам соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үч күндүн ичинде каттоого туруу үчүн жазык-аткаруу инспекциясына барууга милдеттүү. Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгон адамды каттоого коеордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган жүрүм-турум эрежелерин, чектөөлөрдү жана милдеттерди белгилейт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Сунушталган "Юстиция министрлиги" деген сөздөрдү "Жазык аткаруу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштыруу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү реакциялык мүнөзгө ээ жана Жазык аткаруу тутумун кайра түзүү, анын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен чыгып, өз алдынча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болуп түзүлгөнүнө байланыштуу. Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексинин 46-беренесине ылайык жатак-абактар, түзөтүү мекемелери, тарбиялоо мекемелери, түрмөлөр түзөтүү мекемелери болуп саналат. Ошондой эле аталган беренеде түрмөлөрдө 5 жылдан ашпаган мөөнөткө, өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы, өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн соттолгондор, ошондой эле түзөтүү мекемелеринен бекитилген тартипти одоно бузгандыгы үчүн которулгандар кармалаары көрсөтүлгөн. Ушул себептерге байланыштуу, өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы, өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн сот тарабынан түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөө дайындалат. Кыргыз Республикасынын аймагында түрмө, ошондой эле түрмө режиминде иштеген мекеме жетишпей турганынан, соттун чечимдерин аткаруу кыйынчылыкты туудурат. Сунушталган толуктоо соттун чечими боюнча өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы, өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн соттолгондор, ошондой эле түзөтүү мекемелеринен бекитилген тартипти одоно бузгандыгы үчүн которулган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жазык аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда түрмө режиминде камераларды түзүү максатында киргизилет. Бул мыйзамга толуктоо киргизүү ар кайсы кылмыштуу топторго кирген соттолгондорду өз өзүнчө кармоо жана түрмөгө Кыргызстандын ар кайсы региондорунан соттолгондорду алып келүүгө кеткен чыгымды үнөмдөө зарылдыгы менен дагы шартталат. Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү азыркы иш жүзүндө тергөө изоляторунда түрмөдө кармалгандардын укуктук багытка киришинин мыйзамдуулугун камсыздайт. Аталган кодекстин 61-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөр соттолгондордун башка адамдар менен жолугушуусуна уруксат берүүнү алып таштоо менен шартталат. Берилип жаткан жолугушуулардын анализи жалган документтер менен бир эле адам ар кайсы мекемеде бир нече соттолгон адамга никелүү аялы, жакын досу ж.б. катары келип жүргөнүн көрсөттү. Мындай мыйзам ченеми коррупцияланган, түзөтүү мекемелеринин администрациясы үчүн ар түрдүү адамдар (кылмышта аныкталбаган шериктери, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, коммерциялык сойкулар) менен жолугушууга уруксат берүүдө амал болуп саналат. Ушул себептерге байланыштуу Жазык аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейбиз. Соттолгондорду чектөө жана милдеттерин аныктоого, жаза өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана аларды көзөмөлгө алуу маселелерин укук нугуна келтирүү зарылдыгы боюнча кошумча киргизүү учурдагы мыйзамдардагы мүчүлүштөргө байланыштуу. Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн түзөтүү мекемелерге тиешелүү уруксаты жок кириши боюнча кошумчаларды киргизүү жазык аткаруу тутумунун ар дайым коомдук контролдо болушунун зарылдыгы жана ЖАМКнын өз иш аракетинде таза жана ачык болууга умтулуусу менен негизделет.
ЖАМКнын төрагасы
Ш.Байзаков
"Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| № | Действующая редакция | Предпологаемые изменения и дополнения по проекту закона | Предполагаемая редакция |
|---|---|---|---|
| 1, 2, 3, 4, 6 | 15-статья. Жазаны жана жазыктык- укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекемелер менен органдардын түрлөрү (8) [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында] каралган тартипте, соттолгондун жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруучу жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгонду рессоциализациялоо процессине коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. 23-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруучу мекемелерге баруу 2) жазык-аткаруу мекемелеринин жогору турган башкаруу органдарынын кызматкерлери; (2) Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка адамдар жазаны аткаруучу мекемелер менен органдарга ушул мекемелердин администрациясынын же жазык-аткаруу тутумунун жогору турган башкаруу органдарынын атайын уруксаты боюнча, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте барууга укуктуу. 39-1-статья. Жазаны түзөтүү жумуштары түрүндө аткаруунун тартиби (4) [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында] каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери түзөтүү жумуштарына соттолгонду рессоциалдаштыруу процессине жана аларды контролго алууга коомдук уюмдарды, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. 39-11-статья. Эркинди- гин чектөө түрүндө жазаны өтөөнүн тартиби (1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткан адам көзөмөл алдында турат жана төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылары] менен бекитилген жазык-аткаруу инспекцияларынын режимдик талаптарын аткарууга; (3) Эркиндиги чектелген түрдөгү жазаны өтөп жаткан соттолгондорго [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталган тартипте администрациялык -аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чектеринен сыйлык тартибинде эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн кыска мөөнөткө, ошондой эле жакын тууганынын өлүмүнө же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорусуна байланыштуу, эки жакка барып келүүгө кетүүчү убакытты эсепке албаганда, беш суткадан ашык эмес мөөнөткө барып келүүгө уруксат берилиши мүмкүн. 39-13-статья. Жазаны эркинди- гин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен тарбия иштерин жүргүзүү (4) [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында] каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүгө жана аларды көзөмөлгө алууга коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. 39-17-статья. Соттол- гондорду көзөмөлгө алуу жана эркинди- гин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин бузуулар- ды алдын алуу чаралары (1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткандарды көзөмөлгө алуу ички иштер органдарынын көмөктөшүүсү менен, эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эсебин жүргүзүүчү, соттолуучунун жашаган жери боюнча жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан жүзөгө ашырылат; жазаны өтөөнүн тартиби менен шарттарын түшүндүрөт жана жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузууларды алдын алуу боюнча чараларды көрөт; соттолгондордун эмгектик жана турмуш- тиричиликтик шарттарын уюштурат; соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзөт; мыйзам тарабынан белгиленген сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот; алардын жашаган жана иштеген жерлери боюнча, ошондой эле жумуштан бош убактыларында соттолгондорду көзөмөлдөөнү жана байкоону камсыз кылат. Көзөмөлгө алуунун тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.] 45-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аткарылуучу жер (2) Соттолгондор жазаны андан ары өтөө үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү башка абакка же бир түрмөдөн башка түрмөгө которууга ал ооруп калган учурда, болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, түзөтүү мекемесин кайра уюштурганда же жойгондо, ошондой эле соттолгондун ошол түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна бөгөт болуучу башка жагдайларда жол берилет. Соттолгондорду которуунун тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталат. 47-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон- дорду жазасын өтөө үчүн жөнөтүү 1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын өтөө үчүн тергөө изоляторунун администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги тууралу кабар алган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Ушул мөөнөттүн ичинде соттолгон жакын туугандары менен кыска мөөнөткө жолугушууга укуктуу болот. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жөнөтүүнүн тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталат. 48-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон- дорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү (6) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүнүн тартиби ушул Кодекске ылайык [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталат. 51-статья. Соттолгон- дорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу (1) Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] бекиткен тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт. 54-статья. Түзөтүү мекемелерин- деги тартип жана анын негизги талаптары (3) Түзөтүү мекемелеринде [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] менен макулдашылган түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери колдонулат. (4) Соттолгондор түзөтүү мекемелеринде бир үлгүдөгү кийимди кийишет. Кийимдин формасы [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин] түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери тарабынан аныкталат. (8) Карап чыгууларды жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталат. 59-статья. Соттолгон- дордун жазаны өтөшүнүн шарттары (2) Соттолгондорду ушул Кодекстин 93, 95, 97, 99, 100-1-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан экинчи шартка которуу [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталуучу Түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт. 71-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон- дорду материалдык- тиричилик жагынан камсыз кылуу (3) Соттолгондорду тамак-аш жана материалдык-тиричилик жактан камсыздоонун эң төмөнкү ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Соттолгондорду эмгекке тартуучу ишканалардын каражаттарынын эсебинен аларга белгиленген ченемдерден тышкары кошумча тамак-аш уюштурулушу мүмкүн. Соттолгондорду буюмдар менен камсыздоонун ченемдери [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан бекитилет. Өздөрүнө көз каранды болбогон себептер боюнча иштебеген соттолгондор, пенсия албаган соттолгондор тамак-аш жана күндөлүк керектелүүчү нерселер менен мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат. 83-статья. Соттолгон- дордун өз демилгелүү уюмдары (5) Соттолгондордун өз демилгелүү органдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталат. | 1. 15-берененин 8-бөлүгүндө, 39-1-берененин 4-бөлүгүндөгү; 39-11-берененин 1-бөлүгүнүн 1-түймөсүндөгү; 39-13-берененин 4-бөлүгүндөгү; 39-17-берененин 1-бөлүгүндөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр алынсын. 2. 15-берененин 8-бөлүгүндө, 39-1-берененин 4-бөлүгүндө жана 39-13-берененин 4-бөлүгүндө "ченемдик" деген сөздөрдөн кийин "укуктук" деген сөздөр кошулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексиндеги бүт текст боюнча ар жөндөмөдөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Жазык аткаруу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмашылсын. 4. 23-берененин 1-бөлүгүндөгү 2-түймөсүндө "мекемелер" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөр кошулсун. 5.54-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмашылсын | 15-статья. Жазаны жана жазыктык- укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекемелер менен органдардын түрлөрү (8) [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук] актыларында каралган тартипте, соттолгондун жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруучу жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгонду рессоциализациялоо процессине коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. 23-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруучу мекемелерге баруу 2) жазык-аткаруу мекемелеринин жогору турган башкаруу органдарынын кызматкерлери [ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү;] (2) Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка адамдар жазаны аткаруучу мекемелер менен органдарга ушул мекемелердин администрациясынын же жазык-аткаруу тутумунун жогору турган башкаруу органдарынын атайын уруксаты боюнча, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу тартипте барууга укуктуу. 39-1-статья. Жазаны түзөтүү жумуштары түрүндө аткаруунун тартиби (4) [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук] актыларында каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери түзөтүү жумуштарына соттолгонду рессоциалдаштыруу процессине жана аларды контролго алууга коомдук уюмдарды, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. 39-11-статья. Эркинди- гин чектөө түрүндө жазаны өтөөнүн тартиби (1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткан адам көзөмөл алдында турат жана төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук укуктук актылары] менен бекитилген жазык-аткаруу инспекцияларынын режимдик талаптарын аткарууга; (3) Эркиндиги чектелген түрдөгү жазаны өтөп жаткан соттолгондорго [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан аныкталган тартипте администрациялык -аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чектеринен сыйлык тартибинде эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн кыска мөөнөткө, ошондой эле жакын тууганынын өлүмүнө же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорусуна байланыштуу, эки жакка барып келүүгө кетүүчү убакытты эсепке албаганда, беш суткадан ашык эмес мөөнөткө барып келүүгө уруксат берилиши мүмкүн. 39-13-статья. Жазаны эркинди- гин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен тарбия иштерин жүргүзүү (4) [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында] каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүгө жана аларды көзөмөлгө алууга коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат. 39-17-статья. Соттол- гондорду көзөмөлгө алуу жана эркинди- гин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин бузуулар- ды алдын алуу чаралары (1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткандарды көзөмөлгө алуу ички иштер органдарынын көмөктөшүүсү менен, эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эсебин жүргүзүүчү, соттолуучунун жашаган жери боюнча жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан жүзөгө ашырылат; жазаны өтөөнүн тартиби менен шарттарын түшүндүрөт жана жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузууларды алдын алуу боюнча чараларды көрөт; соттолгондордун эмгектик жана турмуш- тиричиликтик шарттарын уюштурат; соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзөт; мыйзам тарабынан белгиленген сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот; алардын жашаган жана иштеген жерлери боюнча, ошондой эле жумуштан бош убактыларында соттолгондорду көзөмөлдөөнү жана байкоону камсыз кылат. Көзөмөлгө алуунун тартиби [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.] 45-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аткарылуучу жер (2) Соттолгондор жазаны андан ары өтөө үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү башка абакка же бир түрмөдөн башка түрмөгө которууга ал ооруп калган учурда, болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, түзөтүү мекемесин кайра уюштурганда же жойгондо, ошондой эле соттолгондун ошол түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна бөгөт болуучу башка жагдайларда жол берилет. Соттолгондорду которуунун тартиби [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан аныкталат. 47-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон- дорду жазасын өтөө үчүн жөнөтүү 1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын өтөө үчүн тергөө изоляторунун администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги тууралу кабар алган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Ушул мөөнөттүн ичинде соттолгон жакын туугандары менен кыска мөөнөткө жолугушууга укуктуу болот. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жөнөтүүнүн тартиби [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан аныкталат. 48-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон- дорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү (6) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүнүн тартиби ушул Кодекске ылайык [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан тарабынан аныкталат. 51-статья. Соттолгон- дорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу (1) Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] бекиткен тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт. 54-статья. Түзөтүү мекемелерин- деги тартип жана анын негизги талаптары (3) Түзөтүү мекемелеринде [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар] менен макулдашылган түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери колдонулат. (4) Соттолгондор түзөтүү мекемелеринде бир үлгүдөгү ишимди кийишет. Кийимдин формасы [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери тарабынан аныкталат. (8) Карап чыгууларды жүргүзүүнүн тартиби [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан аныкталат. 59-статья. Соттолгон- дордун жазаны өтөшүнүн шарттары (2) Соттолгондорду ушул Кодекстин 93, 95, 97, 99, 100-1-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан экинчи шартка которуу [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан аныкталуучу Түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт. 71-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон- дорду материалдык- тиричилик жагынан камсыз кылуу (3) Соттолгондорду тамак-аш жана материалдык-тиричилик жактан камсыздоонун эң төмөнкү ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Соттолгондорду эмгекке тартуучу ишканалардын каражаттарынын эсебинен аларга белгиленген ченемдерден тышкары кошумча тамак-аш уюштурулушу мүмкүн. Соттолгондорду буюмдар менен камсыздоонун ченемдери [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу мамлекеттик органдын] тарабынан бекитилет. Өздөрүнө көз каранды болбогон себептер боюнча иштебеген соттолгондор, пенсия албаган соттолгондор тамак-аш жана күндөлүк керектелүүчү нерселер менен мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат. 83-статья. Соттолгон- дордун өз демилгелүү уюмдары (5) Соттолгондордун өз демилгелүү органдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан аныкталат. |
| 5 | 46-статья. Түзөтүү мекемелери- нин түрлөрү (3) [Тергөө изоляторлору чарбалык жагынан тейлөө боюнча жумуштарга калтырылган соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринин милдетин аткарат]. | 5. 46-берененин 3-статьясы төмөнкү редакцияда берилсин: "Тергөө изоляторлору түзөтүү мекемелеринин түрмөдө жаза өтөөгө соттолгондорго жана чарбалык тейлөө жумуштарына калтырылган соттолгондорго карата аткаруучу милдеттерин аткара алат". | 46-статья. Түзөтүү мекемелери- нин түрлөрү (3) [Тергөө изоляторлору түзөтүү мекемелеринин түрмөдө жаза өтөөгө соттолгондорго жана чарбалык тейлөө жумуштарына калтырылган соттолгондорго карата аткаруучу милдеттерин аткара алат]. |
| 6 | 57-статья. Түзөтүү мекемелерин- деги өзгөчө шарттардын тартиби (3) Өзгөчө шарттардын тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин] жана Ички иштер министринин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган чечими боюнча отуз суткага киргизилет. Өзгөчө учурларда өзгөчө шарттар тартибинин колдонуш мезгили ушул статьяда көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган негиздерде отуз суткага чейин кошумча узартылышы мүмкүн. Түзөтүү мекемелериндеги топтошкон баш ийбөөчүлүктөрдү, массалык башаламандыктарды болтурбоо боюнча ички иштер органдары менен биргеликте пландаштырылган иш чараларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн борборлошкон жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жүктөлөт. | 6. 57-берененин 3 бөлүгүндөгү "юстиция министри" деген сөздөр "Жазык аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр менен алмашылсын. | 57-статья. Түзөтүү мекемелерин- деги өзгөчө шарттардын тартиби (3) Өзгөчө шарттардын тартиби [Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси] жана Ички иштер министринин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган чечими боюнча отуз суткага киргизилет. Өзгөчө учурларда өзгөчө шарттар тартибинин колдонуш мезгили ушул статьяда көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган негиздерде отуз суткага чейин кошумча узартылышы мүмкүн. Түзөтүү мекемелериндеги топтошкон баш ийбөөчүлүктөрдү, массалык башаламандыктарды болтурбоо боюнча ички иштер органдары менен биргеликте пландаштырылган иш чараларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн борборлошкон жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жүктөлөт. |
| 7 | 61-статья. Соттолгон- дордун туугандары, адвокаттар жана башка адамдар менен жолугушуусу (2) Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, [ал эми өзгөчө учурларда мекеменин зардалынын уруксаты аркылуу-башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет.] | 7. 61-берененин 2-бөлүгүндөгү "ал эми өзгөчө учурларда мекеменин зардалынын уруксаты аркылуу - башка адамдар менен" деген сөздөр алынсын. | 61-статья. Соттолгон- дордун туугандары, адвокаттар жана башка адамдар менен жолугушуусу (2) Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен. |
| 8 | 73-статья. Соттолгон- дорду медициналык- санитардык жагынан камсыз кылуу (5) Соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүүнүн, санитардык көзөмөлдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн, саламаттык сактоо органдарынын дарылоо-алдын алуу жана санитардык-алдын алуу мекемелерин пайдалануунун жана бул максаттар үчүн медициналык кызматкерлерди тартуунун тартиби [Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү министрликтердин ченемдик укуктук актылары] тарабынан белгиленет. | 8. 73-берененин 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү министрликтердин ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмашылсын. | 73-статья. Соттолгон- дорду медициналык- санитардык жагынан камсыз кылуу (5) Соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүүнүн, санитардык көзөмөлдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн, саламаттык сактоо органдарынын дарылоо-алдын алуу жана санитардык-алдын алуу мекемелерин пайдалануунун жана бул максаттар үчүн медициналык кызматкерлерди тартуунун тартиби [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары] тарабынан белгиленет. |
| 9 | 80-статья. Соттолгон- дордун кесиптик билим алышы жана аларды кесипке даярдоо (4) Баштапкы кесиптик билим берүү жана кесиптик даярдоо [Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери менен ведомстволору] тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. | 9. 80-берененин 4-бөлүгүндөгү "тиешелүү министрликтер жана ведомстволор" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмашылсын. | 80-статья. Соттолгон- дордун кесиптик билим алышы жана аларды кесипке даярдоо (4) Баштапкы кесиптик билим берүү жана кесиптик даярдоо [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары] тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. |
| 10 | 137-статья. Конфиска- цияланууга тийиш болгон мүлк (1) Соттолгондун мүлкү, анын ичинде жалпы же биргелешкен менчиктеги, коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы анын үлүшү, акчалары, баалуу кагаздары, анын ичинде анын эсептериндеги, салымдарындагы, сактоолорундагы, каржылоо-кредит мекемелери менен банктардын ишенимдүү башкаруусундагы башка баалуулуктары, ошондой эле соттолгон адам тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген мүлк конфискацияланууга тийиш. Соттолгондун коммерциялык уюмдардын уставдык капиталында болгон мүлкүн конфискациялоонун тартиби [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги] тарабынан аныкталат. | 10. 137-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмашылсын. | 137-статья. Конфиска- цияланууга тийиш болгон мүлк (1) Соттолгондун мүлкү, анын ичинде жалпы же биргелешкен менчиктеги, коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы анын үлүшү, акчалары, баалуу кагаздары, анын ичинде анын эсептериндеги, салымдарындагы, сактоолорундагы, каржылоо-кредит мекемелери менен банктардын ишенимдүү башкаруусундагы башка баалуулуктары, ошондой эле соттолгон адам тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген мүлк конфискацияланууга тийиш. Соттолгондун коммерциялык уюмдардын уставдык капиталында болгон мүлкүн конфискациялоонун тартиби [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары] тарабынан аныкталат. |
| 11 | 140-статья. Конфиска- цияланган мүлктү каржылоо органдарына өткөрүп берүү (2) Конфискацияланган мүлктү каржылоо органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби [Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги] тарабынан белгиленет. | 11. 140-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жана Юстиция министрлиги" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмашылсын. | 140-статья. Конфиска- цияланган мүлктү каржылоо органдарына өткөрүп берүү (2) Конфискацияланган мүлктү каржылоо органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары] тарабынан белгиленет. |
| 12 | 13. 145-2 беренеси төмөнкү мазмунда толукталсын: 145-2-берене. "Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулуучу соттолгон адамдын милдеттери" Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулуучу соттолгон адам жашаган жери боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан анын жүрүш-турушун көзөмөлдөө үчүн үч күндүн ичинде келип, эсепке турууга милдеттүү. Соттолгондорду чектөө жана алардын милдеттери жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга чечим чыгарууда соттор тарабынан жана көзөмөл жүргүзүүдө Жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бекитилет. | 145-2-берене.(статья) Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулуучу соттолгон адамдын милдеттери Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулуучу соттолгон адам жашаган жери боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан анын жүрүш-турушун көзөмөлдөө үчүн үч күндүн ичинде келип, эсепке турууга милдеттүү. Соттолгондорду чектөө жана алардын милдеттери жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга чечим чыгарууда соттор тарабынан жана көзөмөл жүргүзүүдө Жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бекитилет. | |
| 13 | 152-статья. Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарга контролдук жүргүзүү [Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарга контролдук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат]. | 14. 152-берене төмөнкү редакцияда берилсин: Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарды көзөмөлдөө Жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын жазык-аткаруу инспекциясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. | 152-статья. Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарга контролдук жүргүзүү [Жаза өтөөдөн бошотулган адамдарды көзөмөлдөө Жазаларды аткаруу мамлекеттик органынын жазык-аткаруу инспекциясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт]. |
| 14 | 157-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгон- дордун жүрүш- турушуна контролдук- ту жүзөгө ашыруунун тартиби [(1) Жазык-аткаруу инспекциялары сыноо мөөнөтүнүн ичинде соттолгондорду жеке эсепке алууну жүзөгө ашырат, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен соттолгондордун коомдук тартипти сакташына жана аларга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына контролдук жүргүзөт]. | 15. 157-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: Жазык аткаруу инспекциялар сыноо мөөнөтү өтүп жаткан учурда жазаны шарттуу колдонбостон соттолгондорду эсепке алат, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен соттолгондор тарабынан коомдук тартиптин сакталышын жана аларга сот аркылуу жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөшөт. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө жазык аткаруу инспекциясына келип эсепке турууга милдеттүү. Жазык аткаруу инспекциясы тарабынан соттолгон адамды эсепке алууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн тартиптеги жүрүш-туруш эрежелери, чектөөлөр жана милдеттери бекитилет. Аталган ченемдерди бузгандыгы үчүн соттолгон адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. | 157-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгон- дордун жүрүш- турушуна контролдук- ту жүзөгө ашыруунун тартиби [(1) Жазык аткаруу инспекциялар сыноо мөөнөтү өтүп жаткан учурда жазаны шарттуу колдонбостон соттолгондорду эсепке алат, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен соттолгондор тарабынан коомдук тартиптин сакталышын жана аларга сот аркылуу жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөшөт. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө жазык аткаруу инспекциясына келип эсепке турууга милдеттүү. Жазык аткаруу инспекциясы тарабынан соттолгон адамды эсепке алууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн тартиптеги жүрүш-туруш эрежелери, чектөөлөр жана милдеттери бекитилет. Аталган ченемдерди бузгандыгы үчүн соттолгон адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат]. |
Кыргыз Республикасынын ЖАМКнын төрагасы
Ш.Байзаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 31-майындагы № 1947-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.05.2012 · № 1947-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2147-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.06.2012 · № 2147-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2387-V "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу, кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.10.2012 · № 2387-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон