39-17-статья. Соттолгондорду көзөмөлгө алуу жана эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин бузууларды алдыналуу чаралары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткандарды көзөмөлгө алуу ички иштер органдарынын көмөктөшүүсү менен, эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эсебин жүргүзүүчү, соттолуучунун жашаган жери боюнча жазык-аткаруу инспекциялары тарабынан жүзөгө ашырылат; жазаны өтөөнүн тартиби менен шарттарын түшүндүрөт жана жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузууларды алдыналуу боюнча чараларды көрөт; соттолгондордун эмгектик жана турмуш-тиричиликтик шарттарын уюштурат; соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзөт; мыйзам тарабынан белгиленген сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот; алардын жашаган жана иштеген жерлери боюнча, ошондой эле жумуштан бош убактыларында соттолгондорду көзөмөлдөөнү жана байкоону камсыз кылат. Көзөмөлгө алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. (2) Соттолгонго эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу маселесин чечүүдө ал прокурордун санкциясы менен ички иштер органдары тарабынан жазаны өтөөдөн баш тартууга бөгөт коюу жана материалдарды сотко берүү максаттарында он беш суткага кармалышы мүмкүн. (3) Жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткан соттолуучу прокурордун санкциясы менен баш тартуунун себептерин аныктоо үчүн ички иштер органдары тарабынан он беш суткага чейин кармалышы мүмкүн. Зарыл болгондо ички иштер органы кармалганды эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн белгиленген тартипте жазаны өтөөчү жерине жөнөтөт, жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар болгондо, соттолгондун кармалган жери боюнча соттолгонго эркиндигин чектөөнүн өтөлбөгөн мөөнөтүн эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды сотко берет.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-17" title="39-17-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>