39-16-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө соттолгондорго карата сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигин чектөө түрүндө соттолгондорго карата сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим жазуу түрүндө чыгарылат. (2) Жазалоо чараларын колдонууда тартип бузуунун жагдайлары, соттолгондун ага чейинки жүрүм-туруму жана инсандыгы эске алынат. Жазалоо тартип бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна ылайык келүүсү тийиш. Жазалоо тартип бузуу ашкереленген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен, эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлсө - ал бүткөн күндөн, бирок тартип бузуу жасалгандан отуз суткадан кечиктирилбестен берилет Жазалоо, эреже катары токтоосуз, ал эми өзгөчө учурларда ал берилген күндөн тартып отуз суткадан кечиктирилбестен аткарылат. (3) Жазык-аткаруу инспекциясынын соттолгондорду көзөмөлгө алууну ишке ашырып жүргөн кызматкери ушул Кодексте каралган сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу укугунан пайдаланат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-16" title="39-16-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>