Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аткарылуучу жер
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын Кыргыз Республикасынын аймагындагы түзөтүү мекемелеринде, эреже катары, бир эле түзөтүү абагында, түрмөдө же тарбиялык абакта өтөйт. (2) Соттолгондор жазаны андан ары өтөө үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү башка абакка же бир түрмөдөн башка түрмөгө которууга ал ооруп калган учурда, болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, түзөтүү мекемесин кайра уюштурганда же жойгондо, ошондой эле соттолгондун ошол түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна бөгөт болуучу башка жагдайларда жол берилет. Соттолгондорду которуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. (3) Өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгондор, жазасын түрмөдө өтөөгө соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандыгын ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар, соттолгон аялдар, жашы жете электер, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жазасын тиешелүү түзөтүү мекемелери турган жер боюнча өтөөгө жиберилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылмыштары үчүн соттолгондор, жазасын түрмөдө өтөөгө соттолгондор, алынып салынды: өлүм жазасына тартуу түрүндөгү жазасы кошулду: өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандыгын ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен алынып салынды: ажыратуу менен кошулду: ажыратууга алмаштырылган адамдар, соттолгон аялдар, жашы жете электер, ошондой … тиешелүү түзөтүү мекемелери турган жер боюнча өтөөгө жиберилет.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-45" title="45-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>