4-статья. Аудитор
Күчүн жоготкон · 03.12.2021 редакциясы
Аудитордук квалификациялык сертификаты бар, ыйгарым укуктуу орган белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген жеке жак аудитор боло алат. Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат. Мында аудитор:
- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;
- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;
- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.
Аудитор эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитор катары бир гана аудитордук уюмдун курамында өз ишин жүзөгө ашырат. (КР 2017-жылдын 24-февралындагы N 35, 2019-жылдын 29-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 февраля 2017 года № 35 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.
кошулду: Аудитор эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитор катары бир гана аудитордук уюмдун курамында өз ишин жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 24-февралындагы N алынып салынды: 35 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 35, 2019-жылдын 29-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1091/st-4" title="4-статья - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>