Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-03.
КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 29-марты № 39 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Аудитор эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитор катары бир гана аудитордук уюмдун курамында өз ишин жүзөгө ашырат.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:
"5-1-статья. Аудитордук уюмдун капиталы
1. Аудитордук уюмдун уставдык капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт.
2. Аудитордук уюмдун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана, накталай эмес формада жана катышуучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
3. Аудитордук уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100000 сомду түзөт.";
3) расмий тилдеги 8-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "издание" деген сөз "разработка" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында аудитордук иш менен алектенүүнү каалаган жеке жактарды аттестациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 25 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 166 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 23.04.2021 · № 166 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.