Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-03.
КР 2021-жылдын 3-декабрындагы N 147 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 24-февралы № 35 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 12-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат. Мында аудитор:
- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;
- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;
- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 166 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 23.04.2021 · № 166 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147