12-статья. УИАнын президенти
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июня 2017 года № 110
УИАнын президенти УИАнын жалпы чогулушунда УИАнын 70 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин ичинен жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам УИАнын президентинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайлана алат. УИАнын жаппы чогулушунун шайлоосунун натыйжалары боюнча УИАнын президентинин кызмат ордуна шайланган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бир айдын ичинде бекитилет. УИАнын президентин шайлоо жөнүндө жалпы чогулуштун чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда шайлоо жараксыз деп эсептелет. УИАнын президенти:
- УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАнын президиумунун ишине жетекчилик кылат;
- УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдоштуктарда, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
- өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана УИАнын жалпы чогулушуна отчет берет.
УИАнын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өз арызы боюнча;
- УИАнын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан демилгеленген чакыртып алуусу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;
- жазык жана администрациялык мыйзамдарды бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.
УИАнын президентинин орду бош болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри УИАнын жалпы чогулушунун сунушу боюнча УИАнын президентинин милдетин аткаруучуну бир жылга чейинки мөөнөткө дайындайт. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>