11-статья. УИАнын президиуму
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июня 2017 года № 110
УИАнын жалпы чогулушунун сессияларынын аралыгында УИАнын президиуму туруктуу иштөөчү коллегиялуу аткаруучу орган болуп саналат. УИАнын президенти УИАнын президиумунун төрагасы болуп саналат. УИАнын президиуму УИАнын президентинин, вице-президентинин, башкы окумуштуу катчысынын, бөлүмдөрүнүн төрагаларынын, УИАнын уставында аныкталган санда УИАнын президиумунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле кеңеш берүүчү добушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүнүн курамында УИАнын жалпы чогулушунда шайланат. Президиумдун мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. УИАнын президиумунун мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары УИАнын уставында аныкталат. УИАнын президиуму:
- УИАнын жалпы чогулушунун сессияларын чакырат;
- илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте карайт;
- УИАнын бардык түзүмдүк мекемелери жана кызмат адамдары тарабынан УИАнын уставынын сакталышы үчүн контролдоону жүзөгө ашырат;
- УИАнын уставына ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>