28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 238
Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ:
1) баштапкы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө, уставдык капиталдын түзүмүнө жана мүнөздөмөсүнө, резервдерге тиешелүү стандарттарды кошуп алганда, финансы стандарттарын; капиталдын шайкештигинин коэффициентин; өтүмдүүлүктү; ар кандай жактар менен иш алып баруунун түрлөрүнө чек коюучу эрежени жана мындай ишкердиктин чөйрөлөрүн, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган же Улуттук банктын көз карашы боюнча микрофинансы компаниялары жана кредиттик агенттиктер тарабынан ишке ашырылуучу иштердин алгылыктуулугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон жана башка финансы стандарттарын белгилөө;
2) микрофинансы компанияларынын жана алардын филиалдарынын ишин текшерүү;
3) микрофинансы компанияларынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү;
4) Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде алардын ишинен табылган, ушул Мыйзамга же Улуттук банктын ченемдик актыларына карама-каршы келген кемчиликтерди жана катачылыктарды четтетүүгө милдеттүү болгон нускамаларды жана/же жазма буйруктарды иштеп чыгуу;
5) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга;
6) микрофинансы компанияларынын балансын, отчетторун жана алар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштер же операциялар жөнүндө жана башка документтерди же маалыматтарды суратуу жана алуу;
7) микрофинансы компаниясынын лицензиясын токтото туруу же кайтарып алуу же микрофинансы компаниясына ушул Мыйзам тарабынан уруксат берилген операцияларды жүргүзүүсүн убактылуу токтото туруу же тыюу салуу;
8) микрофинансы компаниясы төлөөгө кудуретсиз болгон учурда ага карата банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-аракеттерди көрүү;
9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болгон нускамаларды жана/же жазма буйруктарды иштеп чыгуу;
5) алынып салынды: "Банктар жана банк иштери жөнүндө" кошулду: ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Мыйзамында, ушул Мыйзамда кошулду: банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кошулду: кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында кошулду: мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир алынып салынды: кылуу кошулду: этүү чараларын алынып салынды: колдонуу;
кошулду: колдонууга;
6) микрофинансы компанияларынын балансын, отчетторун жана алар … 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № алынып салынды: 78 кошулду: 78, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-28" title="28-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>