8-берене. Бухгалтердик документтер
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2022 года № 4
1. Бухгалтердик эсепти каттоого жазуу үчүн операция жүргүзүү фактысы катталган, анын ичинен электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ формасындагы баштапкы эсепке алуу документтери негиз болуп саналат. Баштапкы эсепке алуу документтери операция жасалган учурда, эгерде бул мүмкүн болбосо, операция аяктаар замат түзүлүүгө тийиш.
Бухгалтердик жазуулар кол менен кагазга жазуу аркылуу жана (же) эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт.
2. Баштапкы документтер төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди:
документтин аталышын; документти толтуруу күнүн жана ордун; документ анын атынан (тапшыруусу боюнча) түзүлгөн субъекттин аталышын; чарбалык операциянын мазмунун; акчалай жана накталай түрдөгү чарбалык операцияларды өлчөгүчтөрдү; чарбалык операцияларды жүргүзүүгө жана анын туура жол-жоболоштурулушуна жооптуу кызмат адамдарынын аты-жөндөрүн; көрсөтүлгөн адамдардын койгон жеке колдорун камтууга тийиш.
3. Баштапкы эсепке алуу документтерин өз учурунда жана сапаттуу жол-жоболоштуруу, аларды бухгалтердик эсепте чагылдыруу үчүн билгиленген мөөнөттө берүү, ошондой эле алардагы маалыматтардын тууралыгы бул документтерди түзгөн жана ага кол койгон адамдар тарабынан камсыз кылынат.
4. Баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде чарбалык операциялар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо жана иретке келтирүү үчүн топтомо эсепке алуу документтери (регистр) түзүлөт. Бухгалтердик эсептин маалыматтарын топтоону жүргүзүүчү регистрлеринин формаларын субъекттердин өзүлөрү, бюджеттик мекемелерден башка, иштеп чыгат жана бекитет. Мында ыйгарым укуктуу органдар сунуш кылган башка формалар да колдонулушу мүмкүн.
5. Бухгалтердик регистрлерде маалыматтардын туура чагылдырышы үчүн жоопкерчиликти аны түзгөн адам тартат.
6. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин, ички отчеттуулук жана башка документтердин мазмуну коммерциялык сыр болуп саналат. Жетекчинин (субъекттин менчик ээсинин) уруксаты, сот жана прокуратуранын чечими болмоюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда, бул документтердин мазмуну менен таанышууга эч кимдин укугу жок.
7. Текшерүүчүлөр, аудиторлор жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде жана ички отчеттуулукта камтылган маалыматка кирүүгө мүмкүндүгү бар башка адамдар коммерциялык сырды сактоого милдеттүү. Аны элге тараткандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчилик тартышат.
8. Баштапкы эсепке алуу документтери алгачкы тергөө, алдын ала тергөө жана прокуратура, сот, салык органдары тарабынан гана алардын токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып коюлушу мүмкүн.
9. Субъекттин ыйгарым укуктуу кызмат адамы документтерди алып коюуну жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Мында көчүрмөдө документтерди алып коюунун негизи жана күнү көрсөтүлөт.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете"Редакцияларды салыштыруу
18.01.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Бухгалтердик эсепти каттоого жазуу үчүн операция жүргүзүү фактысы алынып салынды: катталган кошулду: катталган, анын ичинен электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ формасындагы баштапкы эсепке алуу документтери негиз болуп саналат. Баштапкы … коюунун негизи жана күнү көрсөтүлөт.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № алынып салынды: 56 Мыйзамынын кошулду: 56, 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 386
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик…Постановление · 07.10.2010 · № 231
- Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 26.08.2024 · № 505
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 "№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 186 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1032/st-8" title="8-берене - Бухгалтердик эсеп жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>