Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Ишти аткаруунун шарттары
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Макулдашууда каралган иштер жана иштин түрлөрү (мындан ары - макулдашуу боюнча иштер) макулдашууда аныкталган тартипте бекитилүүчү программаларга, долбоорлорго, пландарга жана сметаларга ылайык аткарылат.
2. Макулдашуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле жумуштарды коопсуз аткаруу, жер казынасын, курчап турган табигый чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча белгиленген тартипте бекитилген стандарттарды (ченемдерди, эрежелерди) сактоо менен жүргүзүлөт. Мында инвестордун төмөнкүлөр боюнча милдеттенмелери белгиленет:
- инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына макулдашуу боюнча иштерге подрядчик, берүүчү, ташуучу катары же дагы башкача катышууга артыкчылыктуу укук берүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын - кызматкерлерди тартуу, алардын саны ишке тартылган бардык адамдардын кеминде 80 пайызынан аз болбоого тийиш, чет өлкөлүк жумушчуларды жана адистерди макулдашуу боюнча иштердин алгачкы баскычында же Кыргыз Республикасынын тийиштүү квалификациядагы адистери - жарандары болбогон учурда гана тартуу;
- геологиялык иликтөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана казып алынган минералдык чийки заттарды кайра иштетүү үчүн жабдууларды, техникалык каражаттарды жана материалдарды жасоо үчүн заказдарды мындай заказдардын жалпы наркынын 50 пайызынан кем эмес көлөмүндө Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында салык төлөөчү катары катталып, иштеп жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактардын ортосунда жайгаштыруу;
- конкурстук негизде жаңы техниканы сатып алуу жана макулдашуу боюнча иштерди аткарууга прогрессивдүү технологияларды киргизүү. Мындай учурда Кыргыз Республикасында чыгарылган товарлар (жабдуулар, техникалык каражаттар жана материалдар) ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана сапаты жагынан чет өлкөлүк ушундай эле товарлар менен атаандашууга жарамдуу болууга тийиш;
- аталган иштердин курчап турган табигый чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизишин алдын алууга, ошондой эле мындай таасирдин кесепеттерин жоюуга багытталган чараларды ишке ашыруу;
- курчап турган табигый чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизүүгө алып келген кырсыктардан келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликти камсыздандыруу;
- макулдашуу боюнча иштер аяктагандан, ошондой эле макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлгөн аймакты булганычтан тазалагандан кийин бардык курулуш жайларын, жабдууларды жана башка мүлктү жок кылуу.
Тараптар жумуштарды коопсуз жүргүзүү, жер казынасын, курчап турган табигый чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо жагындагы пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү боюнча иштерди жүргүзүүдө дүйнөлүк тажрыйбада жалпы кабыл алынган стандарттарды, (ченемдерди жана эрежелерди) аталган стандарттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен белгиленген тартипте алдын ала макулдашылган шартта, колдонууну макулдашууга тийиш. Тараптар пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүү (эгерде макулдашуунун шарттарында белгиленсе) үчүн инвестор тарабынан сатып алынуучу технологиялык жабдуулардын белгилүү бир бөлүгүнөн кем эмеси компенсацияга арналган продукция үлүшү менен компенсациялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылууга тийиш экендигинин шарттарын макулдашууларда карашы керек.
3. Кадимки жаратылышты пайдаланган аймакта жайгашкан объекттерде макулдашуу боюнча иштер аткарылган учурда инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча каралган чараларды көрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү компенсациялардын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
4. Макулдашуу боюнча иштердин аткарылышын уюштуруу, анын ичинде ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык эсепти жана отчетторду жүргүзүү инвестор же инвестордун тапшыруусу менен макулдашуунун оператору тарабынан ишке ашырылат. Жасай турган иши аталган иштерди уюштуруу менен гана чектелүүгө тийиш болгон мындай оператор катары инвестор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ушул максатта түзүлгөн толук же коммандиттик шериктештиктин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактар гана чыга алат. Мындай учурда инвестор макулдашуунун операторунун иш-аракеттери үчүн мамлекет алдында өзүнүн иш-аракеттериндей эле жоопкерчилик тартат.
5. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөнүн жана чалгындоонун белгилүү баскычтары аяктагандан кийин инвестор макулдашуунун шарттарына ылайык ага берилген аймактын участкаларын кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтарып берилүүчү участкалардын өлчөмү жана аларды кайтарып берүүнүн тартиби, мөөнөтү менен шарттары макулдашууда аныкталат.
6. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жагынан макулдашуу боюнча иш жүрүп жаткан жана белгиленип жаткан объекттер боюнча геологиялык, техника-экономикалык жаатындагы жана дагы башка маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкталган тартипте жана көлөмдө мамлекеттик экспертизага берилүүгө тийиш.
7. Макулдашуу боюнча иштерди аткаруу жагындагы ишти координациялоо максатында тараптар тарабынан башкаруу комитетин түзүү каралууга тийиш, анын курамына ар бир тараптан бирдей сандагы өкүлдөр кирет. Башкаруу комитетинин сандык курамы, укуктары менен милдеттери, ошондой эле анын иштөө тартиби макулдашуу менен аныкталат.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-7" title="7-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>