14-статья. Эсеп жана отчеттуулук
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Макулдашуу боюнча ишти аткарган учурда инвестордун финансы-чарбалык ишинин эсеби ар бир макулдашуу боюнча өз-өзүнчө, ошондой эле ал макулдашуу менен байланышпаган бөлөк иштерди аткаргандагы андай эсептен өзгөчө жүргүзүлөт. Мындай эсепти жүргүзүүнүн, анын ичинде инвестордун чыгымдарынын ордун толтуруу максатында жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу менен аныкталат.
2. Макулдашуу боюнча ишти аткарган учурда бухгалтериялык эсеп менен отчеттуулук Кыргыз Республикасынын валютасында (сом) же чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Эгерде бухгалтериялык эсеп чет өлкөлүк валютада жүргүзүлсө, мамлекеттик органдарга бериле турган отчетко кабыл алынган чет өлкөлүк валютада, ошондой эле Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен эсептелген маалыматтар камтылууга тийиш. Мында чет өлкөлүк валютада эсептелген бардык маалыматтар отчет түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы нарк боюнча Кыргыз Республикасынын валютасына (сомго) кайра эсептелип чыгууга тийиш.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-14" title="14-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>