6-статья. Макулдашууну түзүү тартиби
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же ал тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүлгөн конкурстун же аукциондун жеңүүчүсү менен тараптар тарабынан макулдашылган мөөнөттө, бирок, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген учурдан тышкары, конкурстун же аукциондун жыйынтыгы жарыялангандан кийин 6 айдан кечиктирбей түзүлөт.
Конкурстун же аукциондун шарттарында Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин макулдашууну ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу үлүштөрдө катышуусу каралууга тийиш. Кадимки жаратылышты пайдаланган аймактарда жайгашкан жер казынасынын участкаларына карата конкурстун же аукциондун, же болбосо жер казынасынын участкаларынын конкурсу жок берилишинин шарттарында табиятты кадимкидей пайдалануу режиминин бузулушу үчүн тийиштүү компенсациялардын төлөнүшү каралууга тийиш. Конкурстар же аукциондор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эрежелерге ылайык өткөрүлөт.
2. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен төмөнкү учурларда макулдашуулар конкурсту же аукционду өткөрбөстөн эле түзүлүшү мүмкүн, эгерде:
- мамлекетти коргоонун жана анын коопсуздугунун таламдары макулдашууну белгилүү бир инвестор менен түзүүнү талап кылса;
- жарыя кылынган конкурс же аукцион ага бир гана инвестордун катышкандыгына байланыштуу болгон жок деп табылса. Мындай учурда макулдашуу бул конкурска же аукционго катышкан ушул инвестор менен конкурстун же аукциондун шарттарында түзүлүшү мүмкүн;
- ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата инвестор макулдашуунун шарттарынан айырмаланган Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен белгиленген шартта чалгындоо жана кен чыккан жерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануучу болуп эсептелсе. Бул учурда макулдашуу аталган жер казынасын пайдалануучу менен же бул пайдалануучунун катышуусу менен түзүлгөн юридикалык жактардын бирикмеси менен түзүлүшү мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр ушул Мыйзам күчүнө кире электен мурда башталган учурда.
Аталган учурларда макулдашуу тараптар макулдашкан, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө түзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу шарттарын иштеп чыгуу жана жер казынасын пайдалануунун ар бир объекти боюнча макулдашуунун долбоорун даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Көрсөтүлгөн комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн комиссиянын ишине өндүрүштүк жана илимий уюмдар, ошондой эле эксперттер жана консультанттар тартылат. Конкурстун же аукциондун шарттарын иштеп чыгууга, техника-экономикалык негиздемелерди түзүүгө жана макулдашуунун долбоорун даярдоого байланышкан иштерди каржылоо макулдашууну ишке ашыруудан алынган каражаттардын бир бөлүгүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
4. Мамлекет тарабынан макулдашууга кол коюу жөнүндөгү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
5. Мамлекет тарабынан макулдашууга кол коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ал тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Тараптар макулдашкан мөөнөттө макулдашууга кол коюу тараптардын ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин ишке ашырылат, анын жыйынтыгында конкурс же аукциондун милдеттүү шарттарынан болбогон макулдашуунун зарыл болгон бардык шарттары макулдашылууга тийиш. Мындай учурда макулдашуунун шарттары конкурстун же аукциондун милдеттүү түрдөгү шарттарына карама-каршы келбеши керек.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июня 2022 года № 47 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О недрах", "О соглашениях о разделе продукции при недропользовании")"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Республикасынын Өкмөтү түзгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат.
алынып салынды: Аталган кошулду: Көрсөтүлгөн комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, анын … өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алынып салынды: Мыйзам чыгаруу жыйынынын тиешелүү комитетинин өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда алынып салынды: аталган кошулду: көрсөтүлгөн комиссиянын ишине өндүрүштүк жана илимий уюмдар, ошондой эле эксперттер алынып салынды: менен кошулду: жана консультанттар тартылат.
Конкурстун же аукциондун шарттарын иштеп … берилген мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
алынып салынды: Эгерде макулдашуунун экинчи тарабы чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак болсо, анда бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Тараптар макулдашкан мөөнөттө макулдашууга кол коюу тараптардын … аукциондун милдеттүү түрдөгү шарттарына карама-каршы келбеши керек.
кошулду: (КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-6" title="6-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>