Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Макулдашуу боюнча укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүү
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Инвестор макулдашуу боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттерин ар кандай юридикалык жакка же ар кандай жаранга (жеке адамга), эгерде ал адам жетиштүү финансылык жана техникалык ресурстарга жана макулдашуу боюнча ишти аткарууга керек болгон башкаруу ишинин тажрыйбасына ээ болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Макулдашуу боюнча укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүү макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган атайын актыны түзүү аркылуу, макулдашууда аныкталган тартипте жана мөөнөттө жазуу жүзүндө жүргүзүлөт жана аталган актыга кол коюлган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдаланууга лицензияны кайра жол-жоболоштуруу менен коштолот.
3. Өкмөттүн макулдугу менен инвестор өзүнө таандык болгон мүлктү жана мүлктүк укуктарды макулдашууну аткарууга байланыштуу түзүлгөн келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен күрөө катары пайдалана алат.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-16" title="16-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>