15-статья. Банк эсеп-кысаптары жана валюталык жөнгө салуу
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Макулдашуу боюнча ишти аткаруу үчүн инвестордо көбүнчө Кыргыз Республикасынын аймагындагы же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен чет мамлекеттердин аймагындагы банктарда Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен жана (же) чет өлкөлүк валютада атайын банк эсеп-кысаптары болууга жана алар аталган ишти аткаруу үчүн гана пайдаланылуучу тийиштүү каражаттар болууга тийиш.
2. Инвестор макулдашуунун шартына ылайык ага таандык болгон продукциянын үлүшүн сатып өткөрүүдөн чет өлкөлүк валютада түшкөн каражатты алууга жана аталган банк эсеп-кысаптарында сактоого, ал эсеп-кысаптарда макулдашуу боюнча ишти аткаруу боюнча бардык чыгымдарды, ошондой эле жер казынасын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү төлөөгө, ал эсеп-кысаптардагы каражаттын калганын эркин тескөөгө укуктуу.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-15" title="15-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>