17-статья. Макулдашуунун шарттарынын туруктуулугу
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2022 года № 47
1. Макулдашуунун шарттары ал колдонулган бүткүл мезгил ичинде күчүн сактап калат. Тараптардын макулдугу боюнча гана, ошондой эле кырдаалдар олуттуу өзгөргөн учурда тараптардын биринин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык макулдашууга өзгөртүү киргизүүгө жол берилет.
Тараптардын макулдугу боюнча макулдашуунун шартына киргизилген өзгөртүүлөр конкурстан тышкары учурларда баштапкы макулдашуудай эле тартипте күчүнө кирет.
2. Эгерде макулдашуу күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен макулдашуунун чегинде инвестордун ишинин коммерциялык жыйынтыктарын начарлаткан ченемдер белгиленсе, анда инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына мындай өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин түзүлгөн макулдашуунун шартын жетекчиликке алууга укуктуу, бул өзгөртүүлөр ишти коопсуз жүргүзүү, жер казынасын, айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча стандарттарга (ченемдерге, эрежелерге) тиешелүү болгон учурларды кошпогондо.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июня 2022 года № 47 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О недрах", "О соглашениях о разделе продукции при недропользовании")"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…макулдашуудай эле тартипте күчүнө кирет.
2. Эгерде макулдашуу алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган) күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары … (ченемдерге, эрежелерге) тиешелүү болгон учурларды кошпогондо.
кошулду: (КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-17" title="17-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>