Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди „Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-ноябры № 269 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагын каржылоо тизмесине киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтомунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн. (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- бар болгон жеке турак жай курулуштарына шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон