Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-берене. Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35
Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын карамагына:
- компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык токойлорду жаңыртып өстүрүү, коргоо, сактоо жана пайдалануу жагында негизги жоболорду, эрежелерди, нускамаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- токой чарбаларын өнүктүрүүнүн мамлекеттик пландарын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш кылуу;
- токой чарбачылыгынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн республикалык жана регионалдык программаларын түзүү жана алардын аткарылышын уюштуруу;
- токой чарбачылыгынын келечекте жана учурдагы өнүгүшүн пландоо жана бул маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
- мамлекеттик токой фондусунун курамынан жер участокторун алып коюу жана берүү жөнүндөгү маселелер боюнча тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте корутундулар киргизүү;
- токой мыйзамдарын же жаратылышты коргоочу жана санитардык ченемдерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын иш-аракеттерин токтото туруунун жана токтотуунун максатка ылайыктуулугу маселелери боюнча белгиленген тартипте сунуштарды жана корутундуларды киргизүү;
- мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин курамынан чөп чабык жана жайыт жерлерди бөлүштүрүү;
- токой чарбаларын жүргүзүүнү уюштуруу;
- мамлекеттик токой фондусунун участокторун ижарага берүү;
- токойлордун жаңыртылып өстүрүлүшүнө, абалына, корголушуна жана сакталышына, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү;
- суу бөлгүчтөрдү сактоо, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде селдерге жана кыртыш эрозиясына каршы күрөшүү иштерин уюштуруу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик токой фондусунун жерлерин максатка ылайык пайдаланууну жана коргоону уюштуруу;
- токой чарбалары, токой күтүү жагында илимий изилдөө жана долбоорлоо-иликтөө иштерин уюштуруу;
- мамлекеттик токой фондунун, анын эсебин алуунун, токой кадастрынын жана токой күтүүнүн мониторингин уюштуруу жана жүргүзүү;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын, токойчулуктардын жана кордондордун аталышы жөнүндөгү маселелерди (белгиленген тартипте) чечүү;
- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү козгоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирбеген, мамлекеттик токой фондун башкаруу боюнча башка маселелерди чечүү кирет.
Токой мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык, аймактык мамлекеттик органдардын өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде кабыл алынган чечимдери, бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрлөрүнө карабастан уюмдардын, ошондой эле жарандардын аткаруусу үчүн милдеттүү. Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, токойлорду өрттөн сактоо, токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү, токой күтүү жана башкалар боюнча атайын кызматтарды түзөт. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2021 года № 40 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 марта 2014 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жана токой чарбасы мамлкеттик агентигинин 2018-жылдын 18-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жөнүндө…Приказ · 18.02.2019 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 205
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү…Постановление · 02.05.2019 · № 205 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-24" title="24-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>