Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
98-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле ушул
Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Президент дайындаган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынышы мүмкүн. Референдум өткөрүүдө Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги- зүү жөнүндө мыйзам, эгерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо- чулардын жарымынан ашыгы ага катышкан шартта добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет.
2. Ушул Конституциянын үчүнчү-сегизинчи главаларынын жоболоруна
өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин, Жогорку Кеңештин сунушу же 300 миң шайлоочунун демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алы- нышы мүмкүн. Ушул Конституцияга Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүү- лөр жана толуктоолор Конституциялык Соттун корутундусу болгондо каралы- шы мүмкүн.
3. Конституциялык Сот ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен Конституция- лык Сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен корутунду чыгарат. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна Конституциялык Сот тарабынан терс корутунду чыга- рылган учурда мыйзамдын ал долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан анын демил- гечисине кайра кайтарылат. Кабыл алынбай калган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кайтадан кеминде бир жылдан кийин киргизилиши мүмкүн.
4. Жогорку Кеңеш Конституциялык Соттун корутундусун эске алуу ме-
нен ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамды Конституциялык Соттун корутундусу ага келип түшкөн күндөн баш- тап 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорунун тексти Жогорку Кеңеште талкуулоонун жүрүшүндө Конституциялык Соттун корутундусунун негизинде жана анын демилгечисинин расмий макулдугу болгондо өзгөртүлүшү мүмкүн. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда үч айлык тыныгуу менен кеминде эки жолу окуу өткөрүүдөн кийин Жогорку Кеңештин депутат- тарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен көпчүлүгү менен кабыл алы- нат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн талабы боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга коюлушу мүмкүн.
5. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны, Конституция-
нын жаңы редакциясын, же ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толук- тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.
6. Кабыл алынган Конституцияга, Конституциянын жаңы редакциясына
же ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- КР Президентинин 2006-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 572 "Р.Ш.Шүкүралиев, З.М.Абдиева, К.Ү.Абдрахманова жана башкалар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.12.2006 · № 572
- Кр Президентинин 2006-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 584 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кээ бир судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.12.2006 · № 584
- КРН Президентинин 2006-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 570 "Б.С.Батырбаев, Б.Б.Беккулуева жана башкалар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.11.2006 · № 570
- КР Конституциялык сотунун корутундусу 2010-жылдын 21-январындагы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген "Кыргыз…Заключение · 21.01.2010
- КР ЖК 2009-жылдын 17-декабрындагы № 1557-IV ""Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун корутунду берүү…Постановление · 17.12.2009 · № 1557-IV
- Указ Президента РК от 21 января 1991 года № УП-40 "Об образовании, реорганизации и упразднении министерств и государственных комитетов Республики Кыргызстан"Указ · 21.01.1991 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Постановление Верховного Совета РК от 3 июля 1992 года № 952-XII "О порядке применения отдельных статей Уголовного кодекса и Кодекса Республики Кыргызстан об административных…Постановление · 03.07.1992 · № 952-XII · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (4)
- О новой редакции Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.02.2003 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөЗакон · 15.01.2007 · № 2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөЗакон · 09.11.2006 · № 180 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1/st-98" title="98-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>