Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Конституциялык сотунун корутундусу (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча)
Бишкек шаары 2010-жылдын 21-январы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна Кыргыз Респуб- ликасынын Президенти киргизген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын дол- боору боюнча. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова, Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де- мин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, О.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жана
К.Э.Эсенкановдун курамында,
соттук жыйналыштын катчысы Максатбек уулу Съезбектин, тараптар: 2009-жылдын 23-декабрындагы ишеним каттын негизинде ара- кеттенген Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү, Адилет министри Курмантай Абдиевич Абдиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлдөрү: 2009-жылдын 23-декабрындагы ишеним каттын негизинде аракет- тенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Автандил Ани- сович Арабаевдин жана 2009-жылдын 22-декабрындагы ишеним каттын неги- зинде аракеттенген Жылдыз Самудиновна Камчыбекованын катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 5-пунктчасын жана 98-беренесинин 3-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыргыз Рес- публикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-жана 22-беренелерин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Респуб- ликасынын Президенти киргизген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбооруна корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кайрылуусун карады. Судья Ч.А.Мусабекованын баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогор- ку Кењешинин өкүлү А.А.Арабаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү К.А.Абдиевдин сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чы- гып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 17-декаб- рында "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбооруна корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин кайрылуусу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2009-жылдын 17-декабрында "Кыргыз Республикасынын Конс- титуциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замынын долбооруна корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Консти- туциялык сотуна жиберүү тууралуу" токтом кабыл алган. Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев тарабынан мыйзам чыгаруу демилге тартибинде 2009-жылдын 14-декабрында киргизилген. Корутунду чыгаруу үчүн берилген Мыйзамдын долбоору Кыргыз Респуб- ликасынын Конституциясына төмөнкүдөй мазмундагы өзгөртүүлөрдү кир- гизүүнү сунуш кылат. 1-берене.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир- гизилсин:
1. 46-беренеде:
- 1-пунктта:
6-8-пунктчалар төмөнкү редакцияда баяндалсын: "6) Президенттик кењешмени жана башка кењешүү органдарын түзөт; алар жөнүндө жоболорду бекитет;
7) координациялоо органдарын түзөт, жоет жана кайра уюштурат; алар
жөнүндө жоболорду бекитет;
8) ага баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын түзөт, жоет жана кайра
уюштурат";
- 4-пункттун 3-пунктчасындагы "класстык чендерди" деген сөздөр
алып салынсын;
- 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10. Президент коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер маселе- лерин тескеген мамлекеттик органдарга жалпы жетекчилик кылат, алардын жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын дайындайт жана бошотот. Премьер-министрдин сунушу боюнча коргоо жана ички иштер маселелерин тескеген органдар жөнүндө жоболорду бекитет.".
2. 52-беренеде:
- 1-пунктта:
биринчи сүйлөмдөгү "Жогорку Кењештин Төрагасы" деген сөздөр "Пре- зиденттик кењешме аныктаган адам" деген сөздөр менен алмаштырылсын. Экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Президенттин ыйгарым укуктарын аткара турган адамды аныктоо жөнүндө чечим Президенттик кењешме тарабынан Президенттик кењешменин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.";
- 2-пункттагы "аткарып жаткан кызмат адамдары" деген сөздөр "атка-
рып жаткан адам" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 58-берененин 1-пунктунун 26-пунктчасындагы ", класстык ченде-
рин" деген сөздөр алып салынсын.
4. 68-беренеде:
1-пункттагы "министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрация- лык ведомстволор" жана "башка" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктта:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү ", министрлерден жана мамле- кеттик комитеттердин төрагаларынан" деген сөздөр "жана башка Өкмөт мүчөлөрүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Өкмөттүн түзүмү Премьер-министр тарабынан аныкталат жана Жогорку Кењеш тарабынан бекитилет.".
5. 69-берененин 2-пунктундагы "улуттук коопсуздук," жана "тышкы
иштер" деген сөздөр алып салынсын.
6. 72-беренеде:
- 2-пункттагы "администрациялык ведомстволордун жана" деген сөздөр
алып салынсын;
- 3-пункттагы "администрациялык ведомстволордун жана" деген сөздөр
алып салынсын.
7. 73-беренеде:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Конституция жана мыйзамдар менен Президенттин, Жогорку Кењештин, Өкмөткө баш ийбеген башка мамлекеттик органдардын жана жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселе- лерди кошпогондо Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин че- чет.";
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Өкмөт өз ишин бийликтин башка бутактары, Өкмөткө баш ийбеген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ме- нен эриш-аркак жүргүзөт.".
8. 74-беренеде:
3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "3. Өкмөт өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын жана жерги- ликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине жетекчилик кылат.";
- 4-пункттагы "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана адми-
нистрациялык ведомстволор," деген сөздөр "Аткаруу бийлик органдары" де- ген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун" жана "башка" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү А.А.Арабаев Кыргыз Республика- сынын Жогорку Кењешинин кайрылуусун колдоду жана берилген Мыйзам долбо- оруна корутунду чыгарып берүүнү өтүндү. Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү К.А.Абдиев Мыйзамдын долбоорун колдоп, долбоор мамлекеттик башкаруу тутумунда башталган ре- форманын алкагында даярдалгандыгына жана кайталоочу абалдарды жоюу, ыњгайлаштыруу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин кыйла терењ белгилөө максатында Президенттин, Жогорку Кењештин ыйгарым укук- тарын, Өкмөттүн түзүмдөрүн жана курамын уюштурууну жөнгө салууга багыт- талгандыгы тууралуу түшүндүрмө берип, оњ корутунду берүүнү өтүндү. Кыр- гыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн талкуу- лап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй жыйынтыкка кел- ди. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун (мын- дан ары - Мыйзам долбоору) жалпысынан жана анын ар бир жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген конституциялык түзүлүштүн негиз салуучу принциптерин коргоо багытында карап чыкты. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-беренесинин 2-пунктуна ылайык Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үч субъ- ектинин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюн- ча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши төмөнкүдөй эки шарт сактал- ганда карашы мүмкүн: 1) өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республика- сынын Конституциясынын Үчүнчү главасынан Сегизинчи главасына чейинки жоболорго тийиштүү болушу керек; 2) Кыргыз Республикасынын Конституция- лык сотунун берген оњ корутундусу болушу керек. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Үчүнчү, Төртүнчү жана Бешинчи главаларына тийиштүү, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун оњ корутундусу болгон учурда аны кароого укуктуу. Мыйзамдын долбоорунда Президенттин, Жогорку Кењештин ыйгарым укук- тарын жана Өкмөттүн түзүмүн жана курамын уюштурууну жөнгө салууга ба- гытталган өзгөртүүлөр камтылган. Мыйзамдын долбоорунун демилгечиси Президенттин ыйгарым укуктарынан төмөнкү ыйгарым укуктарын алып салууну сунуш кылат:
- Мамлекеттик катчыны дайындоо, анын статусун жана ыйгарым укукта-
рын аныктоо, Президенттин Администрациясын түзүү (Кыргыз Республикасы- нын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасынан); Коопсуздук кењешин түзүү (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасынан); Улуттук гвардияны түзүү (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 8-пунктчасынан). Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 6 жана 7-пунктчаларында алынып салынган ыйгарым укуктардын ордуна Пре- зидентке Президенттик кењешмени, башка кењешүү жана координациялоо ор- гандарын түзүү, алар жөнүндө жоболорду бекитүү, ал эми ушул эле берене- нин 1-пунктунун 8-пунктчасында Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жана кайра түзүү ыйгарым укуктарын берүү сунуш кылынат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренеси- нин 10-пунктунун тексти оњдолуп, Президенттин ыйгарым укуктарына кор- гоо, коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер маселелери боюнча иш алып ба- руучу мамлекеттик органдарга жалпы жетекчилик жүргүзүү, алардын жетек- чилерин, орун басарларын дайындоо жана бошотуу укуктарын киргизүү су- нушталат. Бул учурда коргоо жана ички иштер маселеси боюнча иш жүргүзүүчү органдардын жоболорун бекитүүнү Премьер-министрдин сунушу боюнча ишке ашыруу сунуш кылынат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Биринчи главасында жана 42-беренесинде белгиленген Кыргыз Республикасынын Пре- зидентинин статусун сактап калат. Бул статус мамлекет башчысынын функ- циясы менен ыйгарым укуктарын аныктаган Конституциянын ченемдерине ыла- йык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекет башчысы катары не- гизги функциялары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренеси- нин 2 жана 3-пункттарында аныкталган, ушуга ылайык ал:
- элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу, Конститу-
циянын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили бо- луп саналат;
- мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын анык-
тайт;
- өлкөнүн ичинде жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын
атынан иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн
коргоо боюнча чара көрөт;
- мамлекеттик бийликтин биримдигин жана ырааттуулугун, мамлекеттик
органдардын макулдашып иштешин жана өз ара шайкеш аракеттенишин, алар- дын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат. Бул функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекет башчысына анын компе- тенциясына тийиштүү болгон конкреттүү укуктары менен милдеттеринен тур- ган ыйгарым укуктары берилет. Бирок, Конституцияда мамлекет башчысынын функцияларын толук көлөмдө ыйгарым укуктары менен конкреттештирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, мамлекет башчысынын өз алдынча чечимдерди ка- был алуусу жана тиешелүү кырдаалдарда аракеттенүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр калышы керек, башкача айтканда, анын ар бир ыйгарым укугу анын функция- ларынан келип чыгышы керек жана турмуштук белгисиз кырдаалдарда аракет- тенүүгө жана өз таасирин көрсөтүүгө Конституциянын тамгасы менен руху- нан келип чыккан укук берилүүсү тийиш. Мамлекеттин ички жана тышкы саясаттарынын негизги багыттарын анык- тоо, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрүү, өкүлчүлүк функциялары менен байланышкан Президенттин функциялары өтө татаал жана жооптуу. Президент Конституцияда белгиленген жана ага бул функцияларды толук көлөмдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берген өз ый- гарым укуктарынын чегинде аракеттенүүсү керек. Ошондуктан, коргоо, ко- опсуздук, тышкы жана ички иштер маселелери боюнча иш алып баруучу мам- лекеттик органдарга жалпы жетекчилик кылууну Президентке жүктөөнү туура деп сот эсептейт (Мыйзам долбоорунун редакциясындагы Кыргыз Республика- сынын Конституциясынын 46-беренесинин 10-пункту). Ушул эле контекстте сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесинде сунушталып, анын 2-пунктундагы "улуттук коопсуздук" жана "тышкы иштер" деген сөздөрдү алып салынышы мүмкүн деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 10-пунктун- да сунушталган коргоо жана ички иштер боюнча иш алып баруучу органдар тууралуу жоболорду бекитүү Премьер-министрдин сунушу боюнча бекитиле тургандыгы жөнүндө тактоолор да туура көрсөтүлгөн деп сот эсептейт, анткени бул министрликтер аткаруу бийлигинин органдары болуп саналат жана Өкмөттүн түзүмүнө кирет. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конс- титуциялык соту Мыйзам долбоору тарабынан сунушталган Кыргыз Республи- касынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 6, 7 жана 8-пунк- тчаларына, 10-пунктуна, 69-беренесинин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү кабыл алууга болот деп эсептейт, анткени Кыргыз Республикасынын Президенти- нин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин конституциялык статусун өзгөртпөйт жана азайтпайт жана Конституция тарабынан ага жүктөлгөн мам- лекет башчысынын бардык функцияларын ишке ашырууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 4-пунктунун 3-пунктчасынан, 58-беренесинин 1-пунктунун 26-пунктчасынан "класстык чендер" жана "класстык чендерди" деген сөздөрдү ылайыктуулугуна жараша алып салуу боюнча да соттун каршылыгы жок. Анткени, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга класстык чендерди белгилөө жана берүү масе- лелери кызматка киргенден кийинки ишмердүүлүгү менен байланыштуу, ал эми конституциялык ченемдер аркылуу аларды жөнгө салуудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Экинчи главасында кепилдикке алынган адамдардын жана жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын, атап айтканда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алууда жарандардын тењ укуктарын кемсинтүүгө алып келбейт (Кыргыз Республикасынын Конституция- сынын 23-беренесинин 3-пункту). Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Үчүнчү главасында Мыйзам- дын долбоору Конституциянын 52-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кы- лат, анда Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президенттин ыйга- рым укуктарын аткарууга мүмкүн болбогон учурда жањы Президентти шайлоо- го чейин анын ыйгарым укуктарын Президенттик кењешме тарабынан аныктал- ган адам аткара тургандыгы көрсөтүлгөн. Бул маселени талкуулоодо Кыргыз Республикасынын Конституциялык со- ту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган Мыйзам долбооруна ылайык түзүлгөн Президенттик кењешме өзүнүн статусу боюнча кењешүү органы бо- луп саналат, анын чечими сунуштама мүнөзүндө болоорун жана аны Прези- дент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болоорун көњүлгө алып, Президенттик кењешме Президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган орган боло албайт деген жыйынтыкка келди. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун институту мамлекет баш- чысынын институтуна юридикалык жактан окшош эмес. Ал мамлекет башчысы- нын бир катар ыйгарым укуктарына ээ эмес, титулун пайдалана албайт, мамлекеттин саясатынын негиздерин түзө албайт. Анын эњ башкы юридикалык мааниси мамлекет башчысынын милдетин татыктуу жана натыйжалуу жүргүзүү, бийликтин улануусун камсыз кылуу жана кайрадан шайланган мамлекет баш- чысына бийликтин мыйзамдуу өтүүсүнө жардам көрсөтүү болуп эсептелет. Табияты жана арналышы боюнча бул институт күтүлбөгөн жана алдын-ала белгисиз факторлор менен келип чыккан өзгөчө кырдаалга кирет. Өзүнүн статусуна жана ыйгарым укуктарына карабастан, өзгөчө учурларда жана чектелген убакыттын аралыгында ишке ашырылуучу Президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктары мамлекеттик бийликтин бардык тутумдарынын ырааттуу иштеп турушу үчүн маанилүүлүгү мамлекет башчысынын ордун ал- маштыруу процедурасынын так юридикалык механизмин талап кылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын милдетин аткарууну Жо- горку Кењештин Төрагасына, ал эми анын мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Премьер-министрге берүү, Президенттин ыйгарым укуктарын, өздөрүнүн ти- йиштүү ыйгарым укуктарын кошо жүргүзүү менен байланышкан институтун (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-пункту) конс- титуциялык-укуктук жөнгө салуунун азыркы учурдагы жолунда аныкталбаган маселелер бар. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун жана бийликтин мыйзам чыгаруу органынын башчысынын (же бийликтин аткаруу органынын башчысынын) ыйгарым укуктарын бир адам бириктирген учурдагы укуктук абал мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин караган Кыргыз Республи- касынын Конституциясынын 7-беренесине карама-каршы келет. Көрсөтүлгөн жагдайларда, Конституциялык сот Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо боюнча колдонулуп жаткан механизмин өркүндөтүүсү талап кылынат, ошону менен бирге мындай адамды аныктоо максатта гана кыска убакыттын ичинде чакырылуучу коллегиалдык орган аркылуу (бирок кењешүү орган формасында эмес) аныктоо мүмкүнчүлүгүн танбайт жана анын курамында мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийилигинин жетекчилери болууга тийиш деп эсептейт. Сунушталган Мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Конституция- сынын Бешинчи главасынын бир катар беренелерин өзгөртүүдөгү борбордук орун 68-берененин 1-пунктун өзгөртүүгө берилген, ал өз кезегинде ушул главанын башка беренелерин өзгөртүүгө зарылдык түзөт. Атап айтканда Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн пунктунда аткаруу бийлигинин органдары- нын түрлөрүн (министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка органдар) так санап чыгуунун ордуна "аткаруу бийли- гинин органдары" деген жалпылатылган терминин колдонууну сунуш кылат, буга ылайык керектүү өзгөртүүлөр 68-берененин 3-пунктуна, 72, 74-бере- нелерине киргизилиши керек. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү процесси- нин татаалдыгын эске алып, Өкмөттүн курамына жана түзүмүнө кирген атка- руу бийлигинин органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмесинин конк- реттүү түрлөрүн Конституция аркылуу аныктоо ар дайым эле актала бер- бейт. Бул маселе мыйзам менен жөнгө салынышы мүмкүн. Ошондуктан, сот 68-берененин 1-пунктун жана башка жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республи- касынын Конституциясынын беренелерин өзгөртүү Мыйзам долбоорунда баян- далган редакциясында мүмкүн деп эсептейт. Сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине сунуш- талган өзгөртүүлөргө дагы макул жана алар Мыйзам долбоору сунуштаган редакцияда төмөнкү негиздерде кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт. Колдонулуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясы- нын 73-беренесинин 1-пункту Өкмөт ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет деп белгилеген. Бирок аны логикалык чечмелөөдө Өкмөт берилген ченемде бар- дык маселелерди чечүүгө, көрсөтүлгөн органдардан башкалардын компетен- циясына, анын ичинде сотторго дагы тийиштүү болгон бардык маселелерди чечүүгө укуктуу деп түшүнүүгө мүмкүн, бул Кыргыз Республикасынын Конс- титуциясынын 7-беренесинде бекитилген мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибинин талаптарына ылайык келбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын азыркы редакциясынын 73-беренесинин 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенци- ясына тийиштүү болгон маселелердин тизмеси каралган, бирок анда Консти- туция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары менен өзүнө берилген баш- ка ыйгарым укуктарды ишке ашырат деп аныкталган. Демек, конституциялык ыйгарым укуктардын тизмеси чектелинген эмес. Андан тышкары, кайсы мам- лекетте болбосун Өкмөт турмуштун бардык тармагын камтыган мамлекеттик башкаруу ишин кењири жүзөгө ашырат. Ошондуктан, Конституцияда бул мам- лекеттик органдын предметтүү компетенциясын толук бекитүү оорчулукту туудуруп, дайыма жалпы формада белгиленип жана өзүнчө мыйзам менен конкреттештирилет. Ушуга байланыштуу, сот ошондой эле Өкмөттүн ыйгарым укуктарын конституциялык ченемдер аркылуу конкреттештирүү ашыкча деп эсептейт, ошондуктан бул маселе мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Консти- туцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга ал- байт деп аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренеси- нин 3-пунктунун талаптарына ылайык тийиштүү мыйзамдын чегинде чечилиши мүмкүн. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци- ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 5-пунктчасын, 98-беренесинин 3-пунк- тун, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11, 12, 22, 34, 35, 36 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, төмөнкү корутундуну берет, корутунду:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2009-жылдын 14-де-
кабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун редакциясы, 1-беренесинин 2-пунктунан тышкары, өзгөртүлбөй кабыл алынышы мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту ушул корутундунун жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган сунуштарды эске алуу менен анын редакциясына өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин кабыл алынуусу мүмкүн.
2. Корутунду "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жарчы-
сына", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттерине жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы С.К.Сыдыкова
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары О.Ж.Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундоЗакон · 20.07.2009 · № 235 · Күчүн жоготкон
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон