Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Жол айылдык кеңешинин «2020-жылга бюджеттин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясынын
2019-жылдын 27-декабры № 1
2020-жылга бюджеттин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген кирешеси 9833,0 (тогуз миллион сегиз жүз отуз үч миң) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9 (үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 8937,1 (сегиз миллион тогуз жүз отуз жети миң бир жүз) сом, атайын каражаты 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом кошулуп, жалпысы: 18770,1 (он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом суммасында № 1-тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоордук бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше бөлүгүнүн 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевге милдеттендирилсин.
3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 1-тиркемелерге ылайык 18770,1 (он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом менен бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна жана 12-статьясынын 3-пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 187,7 (бир жүз сексен жети миң жети жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7. Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. .
Төрага
Т. Батыралиев
2020-2021-2022-жылдарга карата кирешелер боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясынын № 1-токтомуна № 1-тиркеме
Бюджеттик классификация
план 2020
план 2021
план 2022
кирешелердин аталышы
11111100
Салык агенттиги төлөөчү киреше салыгы
1852,0
2326,0
2473,0
11121100
Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык
14,8
14,8
14,8
11122100
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык
2,0
2,0
2,0
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
96,3
96,3
96,3
11311200
2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык
23,7
23,7
23,7
11312200
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык
370,0
370,0
370,0
11321100
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы
91,5
91,5
91,5
11321200
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы
103,2
103,2
103,2
11321300
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы
152,7
152,7
152,7
11412100
Сатуудан салык
1,0
0,0
0,0
11462130
Көмүр
1247,0
1295,0
1320,0
13321200
Тендөөчү гранттар
8937,1
8591,9
8758,2
14151200
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы
2215,0
2215,0
2215,0
14152100
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы
228,0
228,0
228,0
14152200
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр
366,9
366,9
366,9
14152600
Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы
2718,9
2718,9
2718,9
14238900
Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы
120,0
120,0
120,0
14511400
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр
230,0
230,0
230,0
Жалпы
18770,1
18945,9
19284,2
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкери:
Н.Мырзатаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы»Закон · 23.12.2019 · № 143