Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Отрадное айылдык кеӊешинин «Отрадное айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жѳнүндө» токтому
ОТРАДНОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Отрадное айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы
2019-жылдын 8-февралы № 01 Отрадное айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жѳнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун ( трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчиликке алып жана Отрадное айылдык кеӊешинин 2009-жылдын 01- мартындагы № 4 токтомунда көрсөтүлгөн контурлардагы үй курууга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн Отрадное айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отрадное айылдык кеӊешинин 25 чакырылышынын төртүнчү сессиясынын 2009-жылдын 01- мартындагы ‘‘Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомуна ылайык берилген айыл чарба багытындагы 61 га жер участкасынын ичинен :
Шанак айылынан - 37,1 га ичинен: № 1070 контурунан - 17 га сугат айдоо №1096 контурунан - 3,5 га сугат айдоо № 1101 контурунан - 5 га сугат айдоо № 1102 конурунан - 4,40 га сугат айдоо № 1103 контурунан - 7,2 га сугат айдоо Отрадное айылынан 23,9 га анын ичинен, № 801 контур - 23.9 га сугат айдоо жерлерине макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеӊештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С. Сагындыковага жүктѳлсүн.
Төраганын орун басары
К.У. Максютов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- "ВРЕМЕННЫЙ ПОРЯДОК перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных индивидуальными жилыми домами или на которые имеются соответствующие решения…Порядок · 31.10.2018 · № 512 · No longer in force