Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 30-сессиясы
2020-жылдын 28-майы №30/130 Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2005–жылдын 25–июнундагы №82 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015–жылдын 27–октябрындагы №747 токтомуна негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 02–мартындагы №54 протоколунун чечимин жана шаардын мэриясынын 2019–жылдын 31–декабрындагы №01–8/2487 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу «Кызыл-Кыя-1» жана «Кызыл–Кыя–2» борборлорунун Уставдары 1– жана 2–тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун коомдук кеӊештеринин курамы 3– жана 4–тиркемелерге ылайык, токтомдун 4–тиркемесиндеги Мадаминов Р. ордуна Я.Мурзаев киргизилип бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 747 "Об утверждении Типового устава общественно-профилактического центра"Постановление · 27.10.2015 · № 747
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «О профилактике правонарушений в Кыргызской Республике»Закон · 25.06.2005 · № 82 · No longer in force