Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кѳк-Ирим айылдык кеңешинин «Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2017-жылдын 30-декабры № 2 «Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, КРнын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде айылдык Кеӊештин «Пландоо –бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып» 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүктүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 5607,7 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 5607,7 миӊ сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын: 2019-жылга 5612,8 миӊ сом суммасында, 2020-жылга 5501,7 миӊ сом суммасында
3. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Көк-Ирим айыл өкмөтү 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1% 55,0 миӊ сом суммасында резервдик фонду болуп бекитилсин.
6. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн аппараттын структурасы жана штаттык түзүмү № 6 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматкерлеринин штаттык түзүмү № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте көрсөтүлгөн беренелер (Эмгек акы, соц. фондтуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электр энергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б ) жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электр энергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү № 33 мыйзамынын 5-пунктунун негизинде айылдык кеӊештин төрагасына берүү компенсация өлчөмү айыл өкмөтүнүн башчысынын негизги эмгек акысынын бир күндүк өлчөмүнө жана сессиясынын өткөрүү көлөмүнө жараша эсептелип төлөнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерди сапаттуу жана толук каржылоо максатында «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси» жөнүндөгү мыйзамына ылайык жыл ичинде контролдук цифрадан ашыкча каржыланып кеткен чыгымдарга каржыланбай калган статьялардын эсебинен жылыштырууга, 2017-жылы төлөнбөй калган статьяларга 2018-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен каржылоого уруксат берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттаржы көзөмөлгө алуу айылдык кеӊештин «Пландоо-бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы –экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага
С. Топоев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force
- Закон «О местном самоуправлении и местной государственной администрации»Закон · 29.05.2008 · № 99 · No longer in force