Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Таш-Булак айылдык кеңешинин «Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышын, 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2018-2019-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө» токтому
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫК V СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 18-марты № 02 Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышын, 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2018-2019-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышын, 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2018-2019-жылдарга божомолүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкулованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдагы кирешесинин аткарылышы жыл башындагы калдык менен кошо 18345,7 мин сом, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 17350,8 мин сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер трансферттер жана жайыттар менен кошулуп 15161,6мин сом өлчөмүндө (анын ичинен тендоо грантынын көлөмү 6881,3 мин сом, жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин көлөмү 8280,3 мин сом), 2018-жылга 14964,9 мин сом, 2019-жылга 15392,3мин сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр жана беренелер аралык бөлүнүшү 15161,6 мин сом анын ичинен жергиликтүү бюджет 8280,3 мин сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Тендоо гранттын көлөмү 2017-жылга 6881,3 мин сом, 2018-жылга 6738,6 мин сом, 2019-жылга 6764,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте коргоого алынган статьяларды (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүгө, коммуналдык кызмат) каржылоого багытталсын.
5. Электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 2-мартындагы №87 токтомунун негизинде мекеме-уюмдарга бөлүнүшү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимититтерди сактоо мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана мектеп имаратында жайгашкан жеке ишканалардын электрлинияларына эсептегичтердин орнотулуусун көзөмөлдөө мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
6. Метептерди 2017-2018-окуу жылында кышка отун жана көмүр менен каамсыз кылуу боюнча №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомун негизинде №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2017-жылга башкаруу бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесинин эсеби 1572,8 мин сомго №7 тиркемеге имараттар жана курулмалар 847,8 мин сом, машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 690,0 мин сомго №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлеринин учурда курулмаларды оңдоо беренесин чыгымдары 453,6 мин сом №9 тиркемеге ылайык, имараттар жана курулмалар беренесине 1978,6 мин сом №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Билим берүү бөлүмүнүн имараттарын санитардык тазалоо чыгымдарына 23,0 мин сом, имараттарды учурда оңдоо беренесине 417,4 мин сом, имараттар жана курулмалар беренесине “Ласточка” билим берүү уюмунун кошумча бөлмөсүнүнүн чатырын жабуу үчүн 130,0мин сом өлчөмүндө №11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү 140,0 мин сомго бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2018-жылдын 1-январына карата 50,0 мин сомго белгиленсин.
13. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде 6 айыл башчы жана аскерге каттоо 4 штат бирдиги менен №12 тиркемеге ылайык жана эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №384 токтомго ылайык бекитилсин.
14. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акылары №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Маданият кызматкерлеринин штат бирдиги №14 тиркемге ылайык жана эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2011-жылдын 19- январындагы №16 токтомуна ылайык бекитилсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 токтомунун 29-беренесине ылайык 2016-жылдын жыйынтыгы менен баалоонун негизинде: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык сый акы төлөөгө эмгек акы фондуна 255,5 мин сом акча каражаты каралсын.
17. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине материалдык жактан колдоо максатында социалдык тиричилик масалесин чечүү үчүн кесиптик майрамдарга карата (финансы, муниципалдык кызматкерлердин, салык кызматчыларынын күнүнө) жана кышка даярдык көмүр, отун менен камсыз кылууга 255,5 мин сом акча каражаты эмгек акы фондуна каралсын.
18. Бюджеттин мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджеттик комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
19.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
Шермат уулу Алмаз
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 7 · cited by 0 · related 1
References (7)
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 30.05.2016 · № 75 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 января 2011 года №16 "О введении новой системы оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 19.01.2011 · № 16 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 384 "Об условиях оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2013 · № 384 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 383 "О мерах по совершенствованию системы оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики на…Постановление · 28.06.2013 · № 383 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 2 марта 2015 года № 87 "Об утверждении лимита потребления электрической, тепловой энергии, природного газа, воды и отвода стоков для бюджетных…Постановление · 02.03.2015 · № 87 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59