Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Көк-Бел айылдык кеңешинин «Көк-Бел айылдык округунун 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө» токтому
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № XII-01 Көк-Бел айылдык округунун 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жеткечилеринин катышуусунда депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин «Экономикалык, бюджет, сода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү «Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16-главасынын 78-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 9282,4 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1- тиркемеге ылайык аныкталсын. Жергилктүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соцфондко чегерүү) каржылануусу белгиленген.
3. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2018-жылга жергиликту бюджет 9260,2 миӊ сомго, (республикалык бюджеттин алынуучу гранттар 4750,3 жана 2019-жылга 9260,2 миӊ сомго (республикалык бюджеттин алынуучу гранттар 4817,2 сом менен) белгиленсин.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, алардын ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен жергиликтүү бюджетинин каржылоосуна калары аныкталсын. Айылдык бюжеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пункутуна бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.
5. 2017-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкѳн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын.
6. Жергиликтүү бюджеттик мекеме –ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
7. Көк-Бел айылдык округунун 2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше 13623,7 миӊ сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
8. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы жана ФЭБ башчысына:
Айыл өкмөттүн бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө «Кыргыз Республикасынынь бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамынын15-беренесине ылайык айылдык кенештин депутаттарынын макулдугу менен уруксат берилсин. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жанак иреше, чыгаша бөлүмдөрү боюнча Көк-Бел айылдык кенештин төрагасына жана айылдык кеӊештин финансы жана бюджет комитетине 9 айлык жыйынтыгы боюнча, билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин «Экономика, бюджет» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Раев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 4
Related documents (4)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2017 год и прогнозе на 2018-2019 годы»Закон · 22.12.2016 · № 215
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · No longer in force