Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Уч-Коргон айылдык кеңешинин «Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2016-жылдын 17-февралы № 21/2 Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Уч-Коргон айыл кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү" , 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 "өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү ", 2015-жылдын 31-декабрындагы №233 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө " мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитеттеринде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Уч-Коргон айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджети кирешелери атайын каражаттарды кошкондо 35169,8 миң сом, чыгашалары бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 36687,6 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 40812,1 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгашалар бөлүгү 40812,1 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдар учун бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу 2017-кирешелер жана чыгашалары боюнча 38737,9 мин сом өлчөмүндө, 2018-жылга кирешелер жана чыгашалары 40009,4 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезектеги корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фонддго чегеруулор, тамак аш, коммуналдык чыгымдар) жургузулсун.
6. Чыгашалардын корголгон бернелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
7. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
8. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети 1-январь 2016-жылдан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
И. Сарымсаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 1
References (3)
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2016 год и прогнозе на 2017-2018 годы»Закон · 31.12.2015 · № 233
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · No longer in force
- Закон «О финансово-экономических основах местного самоуправления»Закон · 25.09.2003 · № 215 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О нотариате»Закон · 30.05.1998 · № 70 · No longer in force