Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Дөбөлү айылдык Кеңешинин «Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу жөнүндө» токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 10-майы № 9/4 Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу жөнүндө Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисине жана билим берүү мекемелердин социалдык жактан тейлеген мугалимдерине төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Балдарга карата ырайымсыз мамилелерге жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жана аныкталган учурлар жөнүндө маалыматтарды укук коргоо органдарына жана социалдык өнүгүү башкармалыгына берүү жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Ата-энелеринен камкордугусуз калган балдарды анын ичинде ички жана тышкы мигранттардын балдарын аныктоо максатында үй-бүлөлөрдү үймө үй кыдыруу;
- Балдар үчүн маданий иш чарараларды( өздүк көркөм кружокторду, балдар майрамдары, фестивалдар конкурстар, диспуттар, музейлерге барууну) уюштуруу;
- Өспүрүмдөр жана балдар анын ичинде калктын социалдык аялуу катмарынын балдары үчүн жеткиликтүү спорттук жана чыгармачылык ийримдерди түзүү.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылып, билим берүү мекемелерде аткарылуучу иштерди көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Ч. Назаралиевага тапшырылсын.
Төрага
А. Бектемиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Распоряжение Правительства КР от 25 марта 2015 года № 125-р (Об утверждении Плана мероприятий по предотвращению жестокого обращения и насилия в отношении детей на 2015-2017 годы)Распоряжение · 25.03.2015 · № 125-р · No longer in force