Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баткен шаардык кенешинин ««Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоорун ишке ашырууда инвестицияларды жана техникалык жабдууларды күрөөгө коюууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы
2016-жылдын 19-августу № 55 «Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоорун ишке ашырууда инвестицияларды жана техникалык жабдууларды күрөөгө коюууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 5; 14-беренсине жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлдагы «Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик жана Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» 106 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июнундагы №247-б буйругуна ылайык «Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долборун ишке ашыруу максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоорун ишке ашырууда максатында кредиттик мүнөздөгү алынган каражаттар үчүн ЕРӨБ тарабынан каржыланган инвестициялар жана техникалык жабдуулар күрөөгө коюлууга маакулдук берилсин.
2. Тийиштүү юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы
Э.Рахматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force