Түп айыл аймагынын “Келечек” бала бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акча каражаттарынын тарифи жѳнүндѳ токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТҮП РАЙОНУНУН ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын XV- сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы №2
Түп айыл аймагынын “Келечек” бала бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акча каражаттарынын тарифи жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” №179 Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктунун жана “Келечек” бала бакчасынын ата-энелеринин 2025-жылдын 4-декабрындагы жыйынынын протоколунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XV-сессиясы токтом кылат:
Түп айыл аймагынын “Келечек” бала бакчасында 2026-жылдын
1-февралынан баштап 1 айга ар бир баланын тамак ашына ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) 1400 сом өлчөмүндө акча каражат төлөө тарифине макулдук берилсин.
Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.И.Бозгуновко
жана кѳзѳмѳл кылуу айылдык кеӊештин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Т.Ишембаевага тапшырылсын.
Төрага А.Б.Абдымамбетов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.