Манас шаардык депутаттар кеңешинин “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
X чакырылыш кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №2
“Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, жана Манас шаарынын мэриясынын 11.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/764 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы” бекитилсин.
2. Манас шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
Болотов Н.Б.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 3 · related 0
Cited by (3)
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 марта 2026 года № 37 "Об утверждении решений Панфиловской, Иссык-Кульской…Постановление · 10.03.2026 · № 37
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 4 марта 2026 года № 34 "Об утверждении решений Араванской, Узгенской, Токтогульской, Аксыйской…Постановление · 04.03.2026 · № 34
- Түп айыл аймагынын “Келечек” бала бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акча каражаттарынын тарифи жѳнүндѳ токтомуПостановление · 02.02.2026 · № 2