Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин « Жергиликтүү боюджеттин 2025-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө » токтому
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 30-декабры №3/1
« Жергиликтүү боюджеттин 2025-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө »
Күн тартибиндеги маселе боюнча бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловдун 2025-жылга жергиликтүү боюджеттин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын киреше бөлүгү 9795,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 9795,3 миң сом бекитилсин.
2. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 101862,6 миң ( Бир жүз бир миллион сегиз жүз алтымыш эки миң алты жүз) сомго бекитилсин.
3. Ата –энелердин сунушу менен бала бакчадага балдардын тамак ашка төлөнүүчү акысы күнүнө 1 балага 60 сом деп бекитилсин.
4. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен берилген 7809,8 (жети миллион сегиз жүз тогуз миң сегиз жүз) сом теңдөөчү грант биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат корсөтүүлөргө каралсын .
6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс” боюнча 2016-жылдын 16-майындагы №59 мыйзамынын 24-статьясына 1116,6 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынын 1% чейинки көлөмдө айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду түзүлсүн.
7. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
8. Жыл ичинде кокусунан пайда болгон чыгымдар 2025-жыл ичинде бекитилген бюджеттен эконом болгон акчадан каржылансын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага:
А.Тешебаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59