Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Масы айылдык кеңешинин «Масы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2025-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.» токтому
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 6-февралы №1
Масы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2025-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Нарматовдун айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Масы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Нарматовдун айыл өкмөттүн жергиликтүү
бюджетинин 2024-жылга планы жана 2025-2026-жылдардын долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2024-жылга планы 74 556,8 миң сом жана 2025-жылга долбоору 82 195,8 миң сом, 2026-жылга долбоору 91 530,8 миң сом акча каражаты бекитилсин.
3.Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2024-жылга планы 74 556,8 миң сом жана 2025-жылга долбоору 82 195,8 миң сом, 2026-жылга долбоору 91 530,8 миң сом акча каражаты бекитилсин.
4.Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын киреше бөлүгү 6000 миң сом жана чыгаша бөлүгү 6000 миң сом бекитилсин.
5.Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 300 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6.Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын .
7.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс” боюнча 2016-жылдын 16-майындагы №59 мыйзамынын 24-статьясына 745,6 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынын 1% чейинки көлөмдө айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду түзүлсүн.
8.Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Манаповго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы :
М.Култаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59