Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
С.Юсупова айылдык кеңешинин «Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Жумабаев Муносибжон Муратжоновичтин Араван айылындагы “Жеңиш” мемориалдык комплексинин аймагынан мамлекеттик тилдеги китеп, газета, журнал жана кеңсе товарларын сатуу үчүн жер участогу ажыратууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө» токтому
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 19-14
Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Жумабаев Муносибжон Муратжоновичтин Араван айылындагы “Жеңиш” мемориалдык комплексинин аймагынан мамлекеттик тилдеги китеп, газета, журнал жана кеңсе товарларын сатуу үчүн жер участогу ажыратууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Жумабаев Муносибжон Муратжоновичтин Араван айылындагы “Жеңиш” мемориалдык комплексинин аймагынан мамлекеттик тилдеги китеп, газета, журнал жана кеңсе товарларын сатуу үчүн жер участогу ажыратууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.07.2013-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №155 Жарлыгынын негизинде Араван РМАнын 16.10.2015-жылдагы чыгуу №770-катын жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Жумабаев Муносибжон Муратжоновичке Араван айылындагы “Жеңиш” мемориалдык комплексинин аймагынан мамлекеттик тилдеги китеп, газета, журнал жана кеңсе товарларын сатуу үчүн жер участогу ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жумабаев Муносибжон Муратжоновичке Араван айылындагы “Жеңиш” мемориалдык комплексинин аймагынан мамлекеттик тилдеги китеп, газета, журнал жана кеңсе товарларын сатуу үчүн жер участогу ажыратуу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага
Б.Маннанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Указ Президента КР от 1 июля 2013 года УП № 155 "О мерах по развитию государственного языка и совершенствованию языковой политики в Кыргызской Республике"Указ · 01.07.2013 · № 155 · No longer in force