Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
For example:
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин «Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2016-жылдын 13-майы № 27/4 Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 31-декабрында № 758 токтомунун негизинде батирге болгон төлөмдөрдүн тарифин шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жангак шаарындагы муниципалдык менчикте турган батирлерге тарифтерди колдонуу үчүн түзүлгөн тарифтик эсеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн батирлерге болгон төлөмдөр жөнүндөгү 29.12.2014-жылдагы №758 сандуу токтомунда көрсөтүлгөн эсепке ылайык тарифтер бекитилсин. (Тариф тиркелет)
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу И.Ходжамбердиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруусун көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу , жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеӊешинин төрагасы
К.У. Курбанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 50 AI answers a month - free.