Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Ой айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчѳтүү жѳнүндѳ жѳнүндѳ» токтому
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги кырк алтынчы сессиясы 2021-жылдын 10-марты № 07 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчѳтүү жѳнүндѳ жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдыни 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана КР “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, КР ЖӨБ Союзунун мүчѳсү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Кара-Ой айылдык Кенешинин “Бюджет, финансы жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынынжергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчѳтүү жана анын тийиштүү мүчѳлүк акыларын убагында тѳлѳѳ тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кара-ой айылдык кеңеши жана Кара-Ой айыл өкмөтү, КР мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчѳтүү жана мындан ары ѳркүндѳтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ, КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.
3. Кара-Ой айыл өкмөтүнө, жогорудагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, КР ЖӨБ Союзуна мүчѳ болгондугуна байланыштуу, анын Уставына 3,7 пунктуна ылайык, ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын ѳсүшүнѳ жараша ар бир жашоочуга 1(бир) сомдон кем эмес ѳлчѳмүндѳгү мүчѳлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгѳ уруксаат берилсигн.
4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Р.Джамгырчиевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
6. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага
Б.У. Усенбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · No longer in force