Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарында, Европа Өнүктүрүү банкынын “Баткен шаарындагы таза суу жана булганыч суулар системасын реаблитациялоо” долбоорун аткарылышы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 28-декабры № 60 Баткен шаарында, Европа Өнүктүрүү банкынын “Баткен шаарындагы таза суу жана булганыч суулар системасын реаблитациялоо” долбоорун аткарылышы жөнүндө
Баткен шаарын калкын 24 саат боюу ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында 2015-жылдын 22-апрелинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIV сессиясында №2-3/61 токтому менен “Европа Өнүктүрүү Банкынын “Баткен шаарындагы таза суу жана булганыч суулар системасын реаблитациялоо” долбоорун алуу жана каржылооүчүн тиешелүү бөлүгүн кредиттик эсебинде алууга макулдук берилген. Андан кийин 2015-жылдын 8-июлунда 3 тараптуу КР Финансы министрлиги, Баткен шаарынын мэриясы жана ЕБР тарабынан Бишкек шаарында келишимге кол коюлган. Долбоордун жалпы суммасы 4 млн евро, кредиттик бөлүгү 1,5 млн евро, кредиттик төлөм 15 жыл, анын ичинен 3 жылы жеңилдетилген жыл деп белгиленген. Гранттык сумма 2,5 млн евро. КР Өкмөтү 2015-жылдын 8-июнда №247 буйрук менен макулдук берилип, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралында № 77 токтом менен бекитилген. КР 2016-жылдын 8-июлунда №106 Мыйзамы менен ратификацияланган. Долбоор 2016-жылдын 18-июлунда ишин баштаган.Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2015-жылдан-2018-жылдар аралыгы бекитилип пандемияга байланшытуу , 2021-жылга узартылган. Долбоордун максаты: Баткен шаарынын артыкчылык берилген болугуно 24 саат ичуучу таза суу беруу. Долбоор 3 компоненттен турат: Компонент 1 . «Таза суу» муниципалдык ишканасына жардам корсотуу максатында техника жана керектуу шаймандарды сатып алуу (229300) евро. Алынган техника жана каражаттар:
Экскаватор Хундай R140W-95 - 1дана Ассенизатор IsuzuDPV-4000 -1 даана Автомобиль ЛАДА 4х4 Urban -1 даана Переносной водяной насос 20м3/час – 1даана Аппарат для сварки пластиковых труб - 1 даана Воздушной компрессор OMP 5.5-500T -1 даана Защитная одежда - 6 даана Оборудования для обнаружения утечки - 1даана Многочастотный локатор труб и кабелей с 10 ваттным передатчиком - 1даана Лабораторные оборудование для тестирования воды и сточных вод -1даана
Азыркы күндө иштетилип жатат.
Компонент 2: Таза суу муниципалдык ишканасы учун офис, жана лаборатория приборлору менен, навестер (129622) евро
2 кабаттуу офис -1даана Лаборатория жана жабык гараждар - 1даана Техникалар учун навестер - 3 даана
«Таза суу» муниципалдык ишканасы пайдаланып жатат. Компонент 3:Баткен шаарындагы ичуучу таза суу жана канализация системасын ондоо. подрядчик ТОО Агидель-Ас. Бул компонент 3 лоттон турат.: Контракттын жалпы суммасы 3 625 301 евро. BAT-W-IFT-02/17 Lot 1 Баткен шаарында ичуучу таза суу системасын ондоо. Сумма 2 807 270 евро 2000 кожолукка ичуучу суу берууну жакшыртуу, эсептегич коюу. Коп кабатту жана барак тибиндеги уйлорго каралган эмес. Азыркы кундо 1570 уйго коюлду. Аткарылганы 2 631 051 евро, толонгону (авансты кошо) 2 367 946 евро.
- корсотулгон диаметрдеги труба жаткырылды (75-90-110-180-200-315-355)мм 39749 метр.
- жогорку зонада толук суу (450кожолук) берилип жатат. Ортонку зонада 3-4 кочо калды.труба жуулуп свноодон откон сон суу толук берилет.
- колодецтер – 278 даана орнотулган.
- диаметри 20-25мм шлангалар – 44 940 жаткызылган.
- 1570 даана суу эсептегичтери орнотулган.
- буткорулгон пожарные гидранты – 60 даана
- Сары-Таш башкы суу алуучу курулма. Чет булакта скважина, резервуар. 3км болгон суу беруу линиясы д=100мм буткорулгон.
BAT-WW-IFT-03/17 Lot 2 Канализация системасын ондоо 357 563 евро Бугунку кундо буткорулгон. Толонгон акча (авансты кошо)аванс 314864 евро. Негизги аткарылган иштер :
- жаткырылган трубалар диаметром 200-300-400 мм - 3600 метр
- Орнотулган колодецтер - 81 шт
- насостор алып келинген.
BAT-W-IFT-04/18 Lot 3 Чет Булакта 1000м3 резервуар куруу, скважина орнотууу. 460 467 евроБугунку кундо буткорулгон. Толонгон (авансты кошо) 366 869 евро.
- скважинадан резервуарга чейин д=110мм длиной 2562метр буткорулгон
Мындан сырткары элге суу беруу учун 3000метрлик трубопровод буткорулгон Келишим боюнча: 3 тараптуу түзүлгөн келишимде каралган пункуттар аткаруучулар жана буюртма берүүчүлөр тарабынан аткарылып жатат. Келишим так аткарылып жатат. Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарында, Европа Өнүктүрүү банкынын “Баткен шаарындагы таза суу жана булганыч суулар системасын реаблитациялоо” долбоору түзүлгөн келишимге ылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Долбоор жасалып жаткан аймактардагы шаар калкынын коопсуздугу үчүн жаралган ыңгайсыздыктардын алдын алуу, келишимге ылайык чаралары көрүлсүн
3. Долбоордун I транщын белгиленген мөөнөткө кабыл алуу үчүн бардык калган жумуштарды аткаруу жагы жумушчу комиссияга жүктөлүү менен жумушчу комиссиянын түзгөн АКТысына макулдук берилсин.
4. Долбоор толугу менен аткарылып кабыл алынганга чейин шаардык Кеңештин ар бир сессиясында маалымат берилип турулсун.
5. Ушул токтом шаар калкына шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы жана шаардык расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
6. Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Тѳрага
А.Аширов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Распоряжение Правительства КР от 8 июня 2015 года № 247-р (Об одобрении проектов Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития…Распоряжение · 08.06.2015 · № 247-р
- Постановление Правительства КР от 18 февраля 2016 года № 77 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и…Постановление · 18.02.2016 · № 77
- Закон «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту "Реабилитация системы водоснабжения и канализации…Закон · 08.07.2016 · № 106